Жакынкы күндөрү социалдык тармактарда келин болжол менен 3 жарым жаштагы наристени сабап жатканы тартылган тасма тарады.
Тасмада алгач келин керебеттин үстүндө жаткан жаш баланы ичке бир нече жолу тынымсыз тепкилейт. Андан кийин колуна алып, дубалга бир жолу урат. Наристени полго түшүрүп, белгисиз буюм менен бир жолу чаап, бычак менен коркутуп жатканда жанындагы эркек киши келинди токтотуп калат.
Бул видео туурасында Ички иштер министрлигине кайрылып көргөнүбүздө SUPER.KG порталына басма сөз кызматкери төмөнкүлөрдү айтты.
"Учурда ИИМ бул видео Кыргыз өлкөсүндө тартылганын же тартылбаганын иликтеп жатат. Иликтөөгө караганда, бул тасма интернетте жакынкы күндөрдө эле пайда болду. Бул боюнча коңшу Казакстан мамлекети да иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Балким тасма аталган өлкөдө тартылган болушу да мүмкүн", - деди маалымат катчы.