super.kg logo

Алтын казуучу компаниянын башчысы кармалып, эртеси бошотулду

 

Ильяс ТулекеевКыргыз өлкөсүндө алтын казган "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев 27-майда тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алганын Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тулекеев 27-майда сот залынан бошотулган. "Сотто тийиштүү материалдар каралып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы сөз сүйлөдү. Андан сырткары тийиштүү тараптарга да сөз берилди. Тулекеевдин буга чейин соттолбогондугун эске алып, ал "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясынын салык кызматына 55 миллион сом төлөп берүү боюнча кепилдик катынын негизинде бошотулду. Калган ишти ЭККК жүргүзөт. Нааразы тараптар шаардык сотко кайрылса болот", - дешти Жогорку Соттон.

Айта кетсек, 26-майда Ильяс Тулекеев "Манас" эл аралык аэропортунда кармалып, тергөө абагына киргизилген. Ал салык катары төлөнчү 50 миллион сомдон ашык акчаны жашырган деп айыпталган.

Аталган компания өлкө аймагында "Казахмыс Голд Кыргызстан" деген аталышта 2007-жылдан бери иштеп келет. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак аймагынан алтын, жез казуу менен алектенет. Компания 2015-жылдын 31-октябрында "KAZ Minerals Bozymchak" болуп өзгөргөн. Ильяс Тулекеев "KAZ Minerals Bozymchak" жоопкерчилиги чектелген коомун түзүлгөндөн бери жетектеп келет.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.05.2018. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
11-02-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 01:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы чондордун баарын эле аэропоттон кармаган мода болуп кеткенби дейм)кайсы жанылыкты окуба аэропоттон колго тушуп келди деген кыстырмасын окуйсун...
28.05.2018. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
842
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:20
Жынысы:
Белгисиз
+1
50млн үчүн тез эле бошотуп салды. 1млн$ канча жылга камалды.
28.05.2018. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарды камай албай калдыго биздикилер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: