super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын таежеси: "Сиңдим бир жолу ала качкан жигиттен дайыма качып жүрчү. Дааратканага да жалгыз чыкчу эмес"

 
Бурулай Турдалы кызы
Бурулайдын таежеси Жазгүл Кожонова

Милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын тою жакында болмок. Ага куда түшүп, сөйкө салып кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 20 жашында каза болгон Бурулайдын таежеси Жазгүл Кожонова билдирди.

"Сөйкө салып кеткен бала башка. Ал эми бычак сайган жигит биринчи жолу кызды ала качып кеткенде ата-энеси ага бербейбиз деп алып келип алган. Экинчи жолу ала качканда артка кайткыла, той менен эле алып кеткиле дегенде алып келишкен. Таякем баланын апасына кызымды бербейм, колдон эле алып кетпейсиңерби деп урушуп кетишкен. Жигит өзү дагы мен аны баары бир алып качып кетем деп үйгө да келген. Кыз андан дайыма качып жүрчү. Дааратканага да жалгыз чыкчу эмес. Кайсы жерден алып качып кеткенин билбейбиз. Өзү жоош, жакшы кыз эле. Жээним ала качып баратканда үйдөгүлөргө телефон чалган окшойт. Апам айтып жатат, кыз менен жигитти милициялар бөлүмгө алып келгенде бир бөлмөгө киргизип коюшкан. Ошол учурда бала кызга бир нече жолу бычак сайып, өзүнө да сайыптыр. Эми милициялар өздөрүн акташ үчүн ар нерсени айтып жатат. "Жигит бөлмөнү ичинен бекитип алыптыр, кыз кыйкырып жатты эле, биз кагаз толтуруп байкабай калыптырбыз деп жатышат", - дейт маркумдун таежеси Жазгүл Кожонова.

Буга чейин 27-май күнү Чүйдө 29-жаштагы жигит үй-бүлө куруу максатында 20 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, милиция бөлүмүндө кызды бычактап салгандыгы тууралуу кабарлаган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
29.05.2018. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
753
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
13-11-2018 08:13
Жынысы:
Белгисиз
+15
миң жолу жаздыңар урук тууганын ата энесин ойлосоңор боло окуган сайын жүрөктөрү эзилетко
29.05.2018. 22:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
26-07-2018 04:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Los-Angeles
+1
Бул да болсо тагдыр. Жаткан жери жайлуу болсун! Орозонун күнүндө чыныгы жашоого кайтыптыр. Акырети жакшы болсун!
29.05.2018. 23:29 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
traveler, ким эле болсо олгусу келсин, Орозонун кунундо болсо да...
29.05.2018. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
26-07-2018 04:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Los-Angeles
+6
Тиги өлтүргөн бала акыл эси жайында эмес окшойт, же сүйүү эсин оодара койгон окшойт. Келечеги жакшы болбойт эми.
29.05.2018. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
30-08-2010
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Korea
+20
Милицияканада ушундай үрөй учурган кылмыш болуп атса,анда башка жерлерди айтпай эле койсо болот го дейм.Ментер өзүлөрүнүн РОВДсынан алсыз кызды коргой албаса,анда көчөдөгү кыздар кантет. Аттиң биздин милиция. Жаткан жери жайлуу болсун...
korea түзөттү 2018-05-29 23:42:15
29.05.2018. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:27
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сулуу кыздын сулуулугуна мас болуп,баарибир сени ала качып болсо да аял кылам деген экен да.Тою болушун билип туруп ушул ишке барса!
29.05.2018. 23:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
15-10-2011
Соӊку аракети:
10-11-2018 14:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
чуй
+2
милициялар эмнеге кызды да камап коюшкан? Кыйкырып атса,карабай отура беришкен ХХХХХХХХ! Ойлорунда ХХХХХХХХХХХХХ Жаткан жери жайлуу болсун кыздын! Жакындарына көңүл айтабыз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-30 11:06:40
29.05.2018. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 23:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
-8
Кыздын туугандары куноолу деп ойлойм! себеби алар балага бербейм дегенинен ушул иш болуп атат! айтса болот беле бактылуу болгула деп! анан той кыл аны кыл муну кыл, башкага беребиз деген да! кыз мал эмеско! куноо ошолордо деп ойлойм
Shekeev969798 түзөттү 2018-05-29 23:36:00
30.05.2018. 00:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+3
Shekeev969798, Кыздын конулу болсо береби кыздын ата-энеси?!! Мэ деп берип кое бериш керекпи?!! Же козу ачык бекен, олтуруп коет деп ойлонудай?!!

Баарына жигит менен тергоочу куноолуу!!! Тергоочу эмнеге экоону бир болмого киргизип коет?!!
30.05.2018. 00:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+1
Айчырактай кыз экен эле... Адамдын убалынан коркпогон акмак экен жигит. Бир алып качыптыр, эки алып качыптыр. Болбой эле учунчу алып качышы экен.

Эми эмне болгондо да бычак сайып эмне кылат кызга?!! Ал биооонун мончоктой кызы болсо...

Ошончо болбосо кыздын конулун албайбы?!! Болбосо кыздын ата-энесине ортомчу салбайбы, аны башкалар кудалап, сойко салып кеткенге чейин...

Жапжаш кыз олуп кете берди... Кыздын ата-энеси кайгыда, озу турмодо. Кимге жакшы болду
30.05.2018. 00:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 10:37
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздын конулу жок болсо бербейбиз дейт да и,конулу болсо ала качып кеткенделе олтуруп калмак
30.05.2018. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
13-11-2017
Соӊку аракети:
12-11-2018 09:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркутуп жургон ана шумшук кызды,мага тийбесен олтуруп кетем деп.Кыз коркуп качып жургон.Уйундо ушундай тарбия берген ата энесине наалат.Суйлошуп жургон деп кесиптештери,баланын туугандары Кудайдын ыйык кунундо кантип жалган айтып атасынар!Ушундай шумшуктугунон 30 га чыккыча кыз тийбей жургон да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: