super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-МАЙ: Бүгүн 33 жашка толгон ырчы Бактыгүл Бадыева: "Туулган күнүмдү досторумдун курчоосунда өткөрүү салтын бузган жокмун"

 

Бүгүн эстрада ырчысы, “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2008-жылдын супер ырчы айымы” Бактыгүл Бадыева 33 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты. "Достошконду жакшы көргөн, достукту баалаган адаммын. Жыл сайын туулган күнүм досторумдун курчоосунда өтөт. Бул сапар да салт бузулган жок", - дейт ал.

"Туулган күндү белгилөө кечээ, 28-май күнү эле башталган. Орусиядан досторубуз келип үйдө чоң майрам уюштурдук. Аларды узатып, эс алып жатсак түнкү саат 12ден кийин чыгармачылыктагы санаалаштарым келип, күтүүсүз белек жасашты. Бүгүн Казакстандан досторубуз келет. Кечинде жакындарымдын курчоосундагы кече болот".

Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн. Ал сахнага "Сүйүү тамгасы", "Кайдасың?", "Жүрөк тагы", "Энекем" аттуу ырлары менен чыгып, атактуулукка жетишкен.

Ырчы актриса катары дагы "Кайып булак", "До+Фа" аттуу тасмаларда роль жараткан.

2015-жылы жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыгып, түгөйлөр Ширин жана Эркеле деген кыздарды тарбиялап келет. Учурда 3-наристесин күтүүдө.

Чыгармачылыктан тышкары мода дүйнөсүнө сүңгүп кирип, орусиялык мода жана сулуулук боюнча эксперт, телеалпаруучу Эвелина Хромченконун курстарына катышып билим алууда.

29-майга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
29.05.2018. 18:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля жагат да мага))
31.05.2018. 06:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
03-08-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 22:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Уул төрөп алын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: