super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Мисалы, Кадыр Ырыс... Фамилияны кыргызчалоого кандай карайсыңар?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызча фамилияларды колдонолу" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Урматтуу форумчулар, кыргыздар үчүн адамдын аты-жөнү -ев(-ева), -ов(-ова) деп аяктаган фамилияларга "жок!" деп айтууга мезгил келдиби? Менин оюмча келди. Кээ бирөөлөр үлгү болуп баштап да берген.
Мисалы, Садык Шер-Нияз, Мыктыбек Арстанбек, Нурлан Насип, Гүлзат Мамытбек жана башкалар. Же болбосо нукура кыргызча Акайтегин, Атайтегин, Асантегин, Үсөн уулу(кызы), Акжол уулу(кызы) деген сыяктуу фамилияларды колдонсок жакшы болот беле дейм. Кулакка да жагымдуураак угулат. Силердин оюңар кандай? Кыргызча фамилияларга өтөлүбү?" - деген суроолорду калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Алибекова, жакшы элеби же барып өзгөртөйүнбү? (тамаша). Мага мисалы, өзүмдүн фамилиям жагат, анан башкалар мени анча кызыктырбайт. Ал ар кимдин каалоосу да, биз бирөөнүн жашоосуна аралашуубуз менен анын укугун бузабыз го. Бирок мындай өзгөрүүлөр нормалдуу деп ойлойм. Жылдан-жылга, кылымдан-кылымга болуп келген нерсе, болуп кете берет да..."

- "Нурлан Насип документте Насипбек уулу эле. Азыр атасын теңтуш кылып ошентип жазмай мода окшойт. Мисалга алсак, Кадыр Ырыс деп кыскартып койгондор көбөйдү. Кимиси атасы, кимиси өзү экенин билбейсиң..."

- "Жок дегенде бир адам ушул сунушумду туура көрүп, баласына күбөлүк алып жатканда "-ов/-ев" дегенден баш тартса, мен теманы ачуудагы максатыма жеткен болор элем".

- "Кимиси атасы, кимиси өзү экенин билбегениң кызык экен. Мисалы, Гүлзат атасыбы же Мамытбек атасыбы оңой эле айырмаласа болот го. Же Дональд Трамп, Майк Тайсон, Рожер Федерер дегендерди кимиси аты, кимиси фамилиясы айырмалаш оорбу? "Атасына теңтуш болуп калат" дегендер үчүн "-тегин", "уулу (кызы)" деп өзгөртүүнү сунуштайм".

- "Азыр фамилияң жакпаса же өзгөртөм десең, эч ким сени кой дебейт. Союз доору эмес, мыйзам катуу болгудай. Керек болсо атын деле өзгөртүп алып жатышат, мисалы, Неля деп. Каалоочулар эми деле паспорт аларда өзгөртүп алса боло берет. Анын кыйын жайы жок. Бизди эч ким "-ов, -ова" болосуң деп зордоп жаткан да жери жок".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.05.2018. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да фамилямды -овадан өзгөрткүм келет бирок паспортуму эле эмес,аттестат,дипломду да балдардын күбөлүктөрүн да өзгөрткөнгө туура келсе кк а мага азырынча мындай"түйшүк"ашыкча.
29.05.2018. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-01-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кеңеш.. (уулу) )(кызы) жазылса кыргызга таандык болор беле
29.05.2018. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
190
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
+5
башка ишинер жокпу кылаарга? же автор паспорт столдо иштейсинби, адамга пайдалуу нерсе ойлоп тапсанар ойду тоону ойлонбой.
29.05.2018. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 12:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мисалы мен колдойт элем, уулу, кызы деп аталса. Мисалы Алтынбек Максат уулу, Жибек Максат кызы дес.
29.05.2018. 21:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
252
Катталган:
16-01-2014
Соӊку аракети:
03-08-2018 14:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Мен ов-го өтөм деп жүрөм. уулу кызы деген графалар башка өлкөдө кыйынчылык жаратат экен. Графаларды иш кагаздарына толтуруп жатканда Аты деген жерине уулу туура келип калып көйгөй жаралат экен.
29.05.2018. 21:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
13-09-2018 20:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Андайлар болбоду беле кызы,уулу дегенбиз бирок чет олко андай документ жараксыз болуп калат экен окууларына кайра орусча кылгам балдарымдын баарын жон эле убара болбосонор..
29.05.2018. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундан коро улутту жазалы деген теманы которсонор боло.Паспортто улут жок деген биздин эч ким эмес экендикти билдирет .Намысыбыз кайда улут жоголсо кыргыз жоголот.
30.05.2018. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-05-2014
Соӊку аракети:
31-07-2018 18:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
улутту жоготуш туура эмес паспортту кайра башынан чыгарыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114196;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: