Мындан 52 жыл мурун, 1966-жылдын 30-майында Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун “машыктуруучу-мугалим” адистиги боюнча жана 2013-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1988-жылы МПМКга бетон даярдоочу болуп иштөөдөн баштаган.
1988-жылы “Ирригатор” бакча коомчулугуна кароолчу болуп орношкон.
1989-жылы №2-тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган.
1992-жылдан 2010-жылдын сентябрына чейин жеке ишкердик менен алектенген.
2010-жылдын ноябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
30-майга карата жылнаама