Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 29-майда Улуттук тарых музейин реконструкциялоону аяктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, алгач премьер-министрге курулуш иштеринин жүрүшү, экспонаттар менен камсыздоо, ошондой эле экспозициялар концепциясы жана музейдин бизнес-планы тууралуу маалымат берилди.
Мамлекеттик тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков азыркы учурда реконструкция дээрлик аяктап калганын, медиастанцияларды жана интерактивдик столдорду бир нече тилдеги кеңири маалымат менен ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатканын билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев музейдин реконструкциясын аяктоо жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоону камсыздоо иштерин күчөтүүнү тапшырды.
"Бардык күч-аракеттерге карабастан, тарых музейин реконструкциялоо абдан узакка созулуп кетти. Бул маселеде баш аламандыкка жол бербөө кажет. Музейди оңдоонун жүрүшүндө каржылык мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдарынын текшерүүсү анын ачылыш мөөнөтүнө таасирин тийгизбөөсү зарыл. Учурда реконструкция жүрүп жатканда музейди стратегиялык объектилер тизмесине киргизүү маселесин иштеп чыгуу керек. Бул музейдин фондун сактоону шарттайт", - деди Абылгазиев.
Эске салсак, аталган музей 2016-жылдын 25-мартында жабылып, оңдоо иштери башталган. Оңдоого мамлекет тарабынан 1,5 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөн.
Парламенттин "Ата Мекен" фракциясы 25-майда аталган объектте көчмө жыйын өткөрүп, жыйын учурунда эмеректер, жабдуулар жана экспонаттар кымбат баада сатып алынганы айтылган. Мындан кийин УКМК Эсептөө палатасы менен бирге музейге бөлүнгөн каражаттын натыйжасыз жана максатсыз пайдаланылышы боюнча териштирүү иштерин баштаган.