Ысык-Көлдө “Мейкин Азия” аталышындагы эл аралык сынак өтөт

18-21-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” аталышындагы эл аралык сынак өтөт. Сынакка 14төн ашуун мамлекеттен катышуучулар келишип, өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Фестивалга катышуу үчүн бүгүн, 24-июнда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда тандоо туру болууда. Андагы калыстардын сынынан 50дөн ашык таланттуу аткаруучулар өтүүдө. Калыстар тобунун төрагасы Ырыскелди Осмонкуловдун айтымында, бул сынакка башка сынактардын жеңүүчүлөрү дагы катыша алат. Ал эми уюштуруучулардын бири ырчы Өмүрбек Андарбеков бул жаңы долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштуруп жаткандыгын билдирди. “Биз сынакты өткөрүп жаткан мамлекет катары Кыргызстандан 5 ырчы тандайлы деп жатабыз. Сынактын башкы максаты - Кыргызстанды дүйнө жүзүнө жакшы жагынан дагы таанытуу. Сынактын байге фонду 10 миң доллар болуп жатат. Бирок ал башталганга чейин дагы демөөрчү таап, биринчи орунга 10 миң доллар берүүнү көздөп жатабыз”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан