Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Парламент президентке көз каранды болбойт дегенден алысмын"

Акыркы 2-3 ай аралыгында Жогорку Кеңеш мурунку калыбын өзгөртүп, чуулгандуу иштердин, коррупциялык иштердин бетин ачкан ордого айланды. Бул нерсеге коомчулуктун да көңүлү бурулду, коомдо Жогорку Кеңешке карата ишеним, үмүт пайда болду.

SUPER.KG порталынын "Коомчулук Жогорку Кеңештен эмнени күтүүдө?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков төмөнкүдөй жооп берди. Ал коомчулук Жогорку Кеңеш өз милдеттерин так аткаруусун гана каалай турганын жана ошол эле мезгилде коом өзү да парламентке колдоо көрсөтүшү керектигин белгиледи.

"Чынында парламент акыркы 1-2 ай аралыгында активдүү иш алып барууда. Коомчулук парламенттен өзгөчө эч нерсе деле күткөн жок, болгону өзүнүн функциясын так аткаруусун каалайт. Алардын милдеттери өкмөттүн ишин көзөмөлдөө, мыйзам кабыл алуу, мыйзамдарды өзгөртүү, коомдогу чоң көгөйлөрдү, маселелерди талкуулоо жана бюджет салык маселелерин көзөмөлдөө жана аныктоо.

Парламент президентке көз каранды болбой өзүнүн ишин толук аткара алат дегенден бир аз алысмын, себеби парламентке келген депутаттардын жолун карап көрсөк, алар бизнесин коргош үчүн келген. Биз келечекте парламент көз карандысыз болуп, өз милдеттерин толук аткаруусун кааласак, шайлоо маселелерин аныкташыбыз керек. Байлар менен бизнесмендердин келип өзүнүн кызыкчылыгын коргоосуна жол бербей, элдин көйгөйүн көтөргөн чыныгы эл өкүлдөрүнүн келишин камсыздашыбыз керек.

Ошол эле учурда ушундай бийлик алмашуу учурунда коомчулук парламентке колдоо көрсөтүшу керек, себеби коомдун колдоосу менен гана парламентте өзүнүн көз карандысыздыгын сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар жана президенттин, өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөнгө аракет кылат. Андай кылбасак Алмазбек Атамбаев сыяктуу эле Сооронбай Жээнбековдо деле бул парламентти "өз чөнтөгүнө салып алуу" жолдору бар. Биздин өлкөдө системдүү түрдө эч нерсе өзгөргөн жок, ошол себептен парламентке коомдун колдоосу күчтүү болуш керек", - дейт Кадырбеков.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан