Кечээ Спорт Ордосунда "Биз" тобунун 20 жылдык мааракесине карата концерт болуп өттү
Кечээ Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Биз" тобу 20 жылдык мааракесине карата концерт койду. Залга көрүүчүлөр батпай, туруп тургандар да болду. Концертти "Арууке" бий тобу ачып, 19:30да башталган ыр майрам түнкү 12ге чейин созулду. Куудулдар Жаныбек Алыкулов жана Жамбыл Камчиев элди күлдүрсө, алыстан келген "Нур", "Максат-Баткен", "Биз" тобунун шакирттери "Жаш кыял" топтору өз чыгармачылыктарын тартуулашты. Баса белгилей кетчү нерсе, "Биз" тобунун солисти Бактияр Токторовдун агасы Алим Токторов топтун жаралышына, өнүгүшүнө салым кошкон 11 адамга эл алдында баалуу белектерди тапшырды.