Астротөлгө: 31-май күнү төрөлгөн адамдар башкаларга энергия тартуулай алабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

31-май күнү акылы зирек, амбициясы күчтүү, келечекке чоң максаттарды койгон эгиздер төрөлөт. Кишилер менен оңой тил табышып, ак көңүл болушат. Алар оңой менен эмоциясын, сезимдерин сыртка чыгарбаган, сырын каткан күчтүү жан болушат. Кээде туюу сезимине таянса, көпчүлүк учурда ички дабышына, маселени акылына таянуу менен чечет.

Ушул күнү жарыкка келгендер чыгармачылыкка жакын болушат. Кызматында бекем болуп, башкаларга көңүл кош мамиле кылгысы келет. Бирок табиятынан жумшак, назик болгондуктан жогорудагыдай түр көрсөтө албайт. Алар куулук кылганды, жөн эле тынчын кетиргенди жактырбайт. Маанилүү иш менен алектенип, убактысын жөнсүз нерселерге арнагысы келбейт. Майда же маанисиз иштерге көңүл бөлмөй жайы бар. Мындан улам жакындарын майдачылдыгы менен тажатып алат.

31 санынын алдында төрөлгөндөрдүн дымагы күчтүү болуп, айланасындагыларга энергия берип турат. Дегенибиз күлкү, жагымдуу маанай тартуулоо менен чарчаган адамдын черин жазат. Алар чечимди биринчи жана акыркы жолу кабыл алат. Оюн бузуу же башка нерсеге көндүрүү такыр мүмкүн эмес.
Ушул күнү төрөлгөн эгиздер кишини көндүрүүгө чебер болушат. Ошондой эле өздөрүнө ишенимдүү келет. Алар ишенимдүүлүк - жарым ийгилик деген эреже менен жашайт. Өздөрүнүн бат өзгөрүлгөндүгү, туруксуздугу менен да белгилүү.

Жыйынтыктап айтканда 31инде төрөлгөндөр бардык ишти колго ала алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан