"Мен өз тапшырмамды аткардым". Украинада өлтүрүлгөн журналист тирүү болуп чыкты

30-майда Украинада атып өлтүрүлдү делген журналист Аркадий Бабченко тирүү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Украинанын атайын кызматына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, атайын кызмат өткөргөн маалымат жыйынга Бабченко да катышкан.

"Бабченконун "өлтүрүлүшү" атайын даярдалган операциянын негизинде өттү. Биз анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайбыз. Бабченкону болсо үчүнчү туулган күнү менен куттуктайбыз. Аны өлтүрүү тапшырмасы чынында эле болгон. Бул тапшырманы аткарууга Украина жараны тандап алынган. Ага акчанын жарымы берилген экен", - деди Украинанын атайын кызматынын башчысы Василий Грицак.

Ошондой эле Грицак Бабченкону өлтүрүү тапшырмасын Орусиянын атайын кызматы берген деген пикирде.

Журналист Бабченко бир ай мурун аны өлтүрүү үчүн адам жалданганын айтты. "Менин өмүрүм үчүн ага 30 миң доллар сунушташыптыр. Ага менин документтерим менен сүрөтүмдү беришиптир. Мындан улам бул иштин артында Орусия турганын түшүндүм. Себеби аталган маалыматтар Орусиянын атайын кызматында гана бар. Мага ушул операцияны аягына чыгаруу сунушу берилди. Макул болдум. Бул операция үчүн 1 ай даярдандык. Мен кечээ өлүшүм керек эле. Мен өз тапшырмамды аткардым. Бирок азырынча тирүүмүн", - деди Бабченко.

Бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул ишти Орусияга карата жасалган "кезектеги чагым" деп атаган. Дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салганы үчүн орус бийлиги Украинаны күнөөлөдү.

Эске салсак, 30-майда Украинанын Киев шаарында орусиялык журналисттин атып өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kechirmeni
2018-05-31 09:05:28
эми точно олтуруп кетишпесе болду
-3
Samina007
2018-05-31 09:44:46
Өлүм менен ойногон ХХХХХХ экенсин.өл десе өлө берген хохол
-5
TalaCSKA
2018-05-31 09:50:25
Озунчо эле важный болотко кимге керексин ХХХХХХ !!! Скрипаль га окшогон дагы бир сценарий экен да Орусияны дуйно коомчулугуна жаман корсотуу аракети.
+4
1Adilet1
2018-05-31 09:53:01
Эми точно өлөт
-2
RusMos76
2018-05-31 10:02:42
Спектакль озунчо эле, олбойт ХХХХХХХХ
-3
jbolotov
2018-05-31 10:13:31
Силерге эмне кылды деймда? Озунчо эле Россия эмне десе ошол дейбербеш керек. Бул журналист Россиянын ДНР ЛНРдеги ишмердуулугун, согушту тымызын Россия кылып атканын жазып журчу экен, эми мунун олуму Россияга пайдалуу болмокда. Акыркы убактарда Россиянын саясаты ото арамза эки жуздуу болуп атат, Казак туугандарыбызды Аллах сактасын эми.
-3
Rusi79
2018-05-31 10:55:01
jbolotov,сага эмне кылды Россия,куйугосун да озунчо эле.Америка ар тараптан кысып келатса оозун ачып карап турмак беле.
+6
admin_superstan
2018-05-31 10:22:40
Башкалардын улутун кемсинтип жазууга тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
-3
Meni_unut
2018-05-31 11:32:27
Эми этият бол.Россияны озуно очоштуруп алды.Россия учун сага окшогондорду олтуртуш оной эле болсо керек.
+2
aerforce
2018-05-31 11:39:47
өздөрү эле спектакль ойноп жатат эгер россия заказ берсе ошол күнү өлтүрүп кетмек
0
urmat94
2018-05-31 11:58:11
Эми точно олосун го
0
Same
2018-05-31 13:22:18
Чын эле оздорунун эле оюну. Россия олтуром десе изин таппай да калышмак уже.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан