super.kg logo

"Жеңиш Күнү!" кайрымдуулук марафонунун жыйынтыгы

 

Улуу Ата Мекендик согуштун эпкини тийбеген үй-бүлө дээрлик жок болуш керек. Тилекке каршы, согуш жылдарынын күбөлөрү азайгандан азайып баратат, баарыбыздын эле ардагерлерди жеке куттуктоо мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок өтүп кеткен аталарыбыздын урматына тирүү жүргөндөргө ыраазычылык билдирейин деген изги ойлорубуз бар. Бир нече жыл катары менен О! Мобилдик оператору абоненттерин ардагерлерлерге мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардам берүү үчүн бириктирип келет.

16-апрелден баштап "Жеңиш Күнү" кайрымдуулук марафону башталды, О! абоненттери 1945 кыска номерине SMS жөнөтүштү жана чалып жатышты, мунун натыйжасында УАМ согуштун ардагерлерин колдоого 20 сом которулуп жатты. Анын негизги максаты – УАМ согуштун катышуучуларын камкордук менен камсыз кылуу. Марафондун жүрүшүндө ардагерлерге даректүү колдоо көрсөтүү үчүн 104 миң 940 сом топтолду.

УАМ согуштун ардагерлери катышкан салтанаттуу иш-чарада О! түйүнүнүн абоненттери тарабынан чогултулган акча каражаттарынын баары “Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңеши” Коомдук бирикмесине берилди. Бирикменин эң жаш ардагери 92 жашта болсо, эң улуусу 104 жашта. Чогулгандар бири-бири менен көрүшүү мүмкүндүгүнө кубанышып, күнүмдүк окуялар, акыркы жаңылыктар тууралуу баарлашты. Акча каражаттарын тапшыруудан кийин сөздү УАМ согуштун катышуучусу Сиротинцев Николай Андреевич алды жана өз жолдошторунун, УАМ согуштун ардагерлеринин, оорук эмгекчилеринин, согуштук аракеттердин катышуучуларынын атынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди. Насаат катары ал буларды кошумчалады: "Эң башкысы – ниетиңер таза болсун, жаман сөздөрдү сүйлөбөгүлө, жалаң жакшы иштерди жасагыла, ошондо гана турмуш силерге илбериңки болот".

О! Мобилдик оператору биздин ардагерлерди колдоо чакырыгыбызды кабыл алган жана сонун иш-чарабызга катышкан бардык абоненттерине ыраазычылыгын билдирет.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: