super.kg logo

Ысык-Көлдө "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси жол кырсыгына кабылып каза болду

 

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болду. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда орун алган.

"Унаада 1 айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй бара жатып Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден С.Шакирова аттуу айым каза болгон. Дагы бир 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Ал эми продюсер Ассоль Молдокматова кечээ, 2-июнда Ысык-Көлдөгү жол кырсыгына кабылып, каза болгон аял "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" Сания Шакирова экенин социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыккан.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова 2018-жылы 28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нянчанг шаарында өткөн "Miss Universe Beauty" (Турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сынагына катышып, "Missis world" ("Дүйнөнүн сулуу айымы-2018") наамын жеңип алган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
03.06.2018. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
455
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
+16
Абдан окунучту жаткан жери жайлуу болсун
Чырактай балдары артында калганы окунучту
Не давно эле окуудум эле интервьюсун эч качан картайбаймын деген
03.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
365
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 08:24
Жынысы:
Белгисиз
+21
maks94.kb,Билген экен эч качан картайбашын менен оозуна салып койгондой жаш болуп кете берди!
03.06.2018. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай куу
+15
Баарын жараткан да алган да жалгыз Аллах.
Аллах Таалага баардык чексиз мактоо шугурлор болсун.
Баардык кылган кунотсун кечире кор яя Роббим Аллах!
toktor89 түзөттү 2018-06-03 13:44:42
03.06.2018. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
25-10-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
-8
"Миссиси" эмес мисси болуп эле жазылат
03.06.2018. 14:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
11-09-2018 08:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+12
kani-esen, бул жерде турмушка чыккан айым жонундо соз болуп жатат ошондуктан миссис туура эле. Жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына сабыр.
03.06.2018. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
279
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+9
kani-esen, мисс Мира деген бойдок жаш кыздар арасында откон сынакты айтат. А Миссис бул уже уй булолуу, бала чакасы бар айымдар арасындагы сынак.
03.06.2018. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
02-02-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:45
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айтканындай карыбай кетиптир. Арты кайырлуу болсун. Кудайым баарыбызга карылыкты насип этсин
ahunali12 түзөттү 2018-06-03 14:27:45
03.06.2018. 13:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-10-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 14:25
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мен да угуп капа болдум,интервьюсун коруп таасирлендим эле жаш туруп ушунча ийгиликке жетиптир азамат деп.Ошондо он жылдан кийин жаш жакшынакай боюнча коросүңор деп айткан экен,корсо буйруса, кудай кааласа деп сүйлөш керек турбайбы, эээ жашоо кечээки өтмүш, бугун күн,бар эртеңки күн туман. Бүгүн таңдын атканына шүгүр!!!
03.06.2018. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
891
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах билет
03.06.2018. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ажал келсе башыбыздагы алтын бриллианттан жазалган каронабыз дагы олумдон сактап калбайт экен да,
03.06.2018. 14:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:30
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өкүнүчтүү, жаш кетиптир, жаткан жер жайлуу болсун.
03.06.2018. 14:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аябай катуу айдаган экен да машинаны.Кандай окунучтуу.
03.06.2018. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:34
Жынысы:
Белгисиз
-9
Сулууну коруп машина да антарылып кетиптир
03.06.2018. 15:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер инфо
0
Катуу айдаганы көрүнүп эле турат
03.06.2018. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
17-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообо кылдым, тообо кылдым. Машинанын тусун карагыла. Ылдамдыкты болушунча которгон да, шашпай эле айдаса экен машинасы барлар!
03.06.2018. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:12
Жынысы:
Белгисиз
+6
аябай жаман иш болуптур абайлап айдайлычы машынаны машынадан эч нерсе калбаптыр өтө каттуу скоросто келгенго чамасы
03.06.2018. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
177
Катталган:
26-09-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 17:36
Жынысы:
Белгисиз
+6
Интервьюсу болсо ссылкасын берип койгулачы супер инфо
03.06.2018. 16:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучтуу
03.06.2018. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1195
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адамдын озу карыбаса да, сапары карыйт да.
03.06.2018. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
222
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 12:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+4
Кырсык каш кабактын ортосунда. Эртен бизди кайгы, кубаныч же олум кутуп турганын эч кимибиз билбейбиз.
03.06.2018. 17:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 11:51
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айдоочунун ылдам айдаганы көрүнүп турат астараак жүрсө болбойт беле үч наристени жетим кылбай
03.06.2018. 18:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
01-08-2011
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+1
Бугун бар да эртен жок деген ушу да кечээ эле интервьюсун окудум эле орустун мен мен деген звездалары мн иштешкенин.
Аллах бейиштин торунон орун берсин!
Модератор admin_media түзөттү 2018-06-04 03:36:33
03.06.2018. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 06:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аиий бул откндогу уч балалуу сулуу беле.жаткан жери жайлуу болсун
03.06.2018. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-04-2018
Соӊку аракети:
09-09-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлап алдым.Жайы жанаттан болсун!
04.06.2018. 01:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
29-01-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ Сания Шакированын мурдакы интьервьюларын ссылка жиберип коесунарбы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: