ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Бычактын түрлөрүн коллекциялап, денесин тилген Голливуд жылдызы Анжелина Жоли 43 жашка толду

Бүгүн америкалык актриса, режиссёр, сценарист жана фотомодель Анжелина Жоли 43 жашка толду.

Ал 1975-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы 1975-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт, ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болгон. Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына баш калкалап көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Анжелина Жоли 11ге чыкканда үй-бүлөсү менен Лос-Анжелеске көчүп келет. Окуучу кезинде эле актриса болом деген амбициясы болгон. Бирок сырткы келбетим талапка жооп бербейт деп тартына берчү. Модель болууга аракет кылып, бирок жакшы жыйынтыкка жетпегени анын тилегин ташка чапкандай эле болгон. Мындан улам ал өзүнүн денесин учтуу нерселер менен тилген учурлары болгон. Ал маектеринин биринде: "Мен бычактарды коллекция кылчумун. Ал эми бычак менен денемди тилип, кескилигеним мен үчүн терапия болчу", - деген.

Киного алгач агасы Жеймс Хейвендин тасмаларына тартылуудан баштайт. "Хакер" фильминдеги ролу аны аз да болсо коомчулукка таанытат. Ошентип Анжелина "Жорж Уоллес", "Жиа" кинокартиналарында роль жарата баштайт.

"Оскар", "Алтын глобус" жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон Анжелина Жоли "Лара Крофт: Күмбөздөрдү жок кылуучу", "Лара Крофт: Күмбөздөрдү жок кылуучу. Жашоонун өрчүгөн жери" тасмаларындагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.
1996-жылы Анжелина Жоли тасма талаасынан актёр Жонни Ли Миллер менен таанышып, ага турмушка чыгат. Бирок 1 жылдан кийин түгөйлөр эки башка жолго түшөт. 2000-жылы "Учууну башкарууда" тасмасындагы өнөктөшү Билли Боб Торнтон менен кезектеги сүйүү мамилесин курат. Алардын ак тою Лас-Вегаста өтөт. 3 жылдан жан шериктер расмий түрдө ажырашышат.
Чуу жараткан роман деп Анжелина Жолинин популярдуу актёр Брэд Питт менен болгон мамилесин айтса болот. Алар "Мистер жана миссис Смит" тасмасына тартылуу учурунда бири-бирине жакын болуп, мамилеси роман курууга өткөн. Бирок ал мезгилде Брэд Питт актриса Женнифер Энистон менен ак никеде болчу. Коомчулук алардын мамилесин талкуулап, Анжелина Жолини бир үй-бүлөнү бузду деп айыптап чыккан. Ошого карабастан түгөйлөр комментарий берүүдөн баш тартышкан. 2006-жылы Анжелина Жоли кош бойлуу экенин жана наристенин атасы Брэд Питт экенин айткан. 9 жыл жарандык никеде жашаган түгөйлөр 2014-жылы расмий түрдө баш кошушканын жар салып, үлпөт тоюн Францияда өткөргөн.

Анжелина Жолини баатыр эне десек болот. Ал жолдошу экөө Мэддокс (Камбоджа), Захара (Эфиопия), Пакс Тьен (Вьетнам) деген балдарды багып алышкан. Түгөйлөр 2006-жылы Шайло Нувель аттуу кыздуу болушуп, кызынын туулгандагы алгачкы сүрөтүн "People" журналына 10 миллион долларга сатышкан. 2008-жылы Брэд менен Анжелина Нокс Леон жана Вивьен Маршелин аттуу эгиздүү болушат. Эгиздердин сүрөттөрүн 14 миллион долларга сатышып, түшкөн каражатты кайрымдуулук иштерине жумшашкан. 2015-жылдын январь айында түгөйлөр Сириялык Муса аттуу баланы асырап алышканы белгилүү болгон. Түгөйлөр 2016-жылдын 19-сентябрында расмий түрдө ажырашкан. Буга актёрдун баңгизатына берилип кеткендиги себеп болгондугу айтылып келген.* 14 жашынан баштап модель болуп иштеген.

* Денесинде 20дан ашык татуировка бар, ал жашоосундагы ар бир маанилүү датаны денесине түшүрүп келет.

* 2001-жылы БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалган. Дүйнөнүн көптөгөн жакыр өлкөлөрүнө барып, качкындар баш калкалаган кооптуу аймактарды кыдырып, жардам көрсөтөт.

* "Ливерпуль" футбол командасына күйөрмандык кылат.

* Бычактын түрлөрүн коллекциялап, эски китептерди чогултат.

* Бир тасма үчүн 20 миллион доллардан ашык гонорар алган («Мистер жана миссис Смит» тасмасы үчүн) үчүнчү актриса. Ага чейин мындай гонорарды Жулия Робертс менен Кэмерон Диас гана алышкан.

* "Алтын глобус" сыйлыгын катары менен үч жолу утуп алган алгачкы актриса.

* 2013-жылы Жоли эмчек рагынын алдын алуу максатында хирургиялык операция жасаткан. Эске салсак, актрисанын апасы, таежеси дал ушул дарттан каза табышкан.

* Брэд Питт 2008-жылы туулган эгиздеринин киндигин өзү кескен.

* Актриса 2009, 2011, 2013-жылдары "Forbes" журналынын версиясы боюнча эң көп акча төлөнгөн актриса деп табылган.

* 2014-жылы Улуу Британиянын канайымы Елизавета II актрисанын гуманитардык ишмердигин, сексуалдык зордук-зомбулукка каршы жүргүзгөн иш-чараларын баалап кавалер айым титулун ыйгарган.

* 2017-жылы АКШнын Вашингтон шаарындагы Жоржтаун университетинде мугалимдик кесипти аркалап, студенттерге дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздук боюнча лекцияларды окуган.

4-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Meni_unut
2018-06-04 01:21:40
Катуу, катуу
-1
mirbek_kgz.1990
2018-06-04 03:37:24
Ливерпульдун фанаты экен "You'll Never Walk Alone"
-2
Krai
2018-06-04 08:07:16
Суроттогу эн алдындагы тез тиер бала кыргызга окшош экен
Америкага баргандар жон эле барып иштеп келип атасынарбы же...
0
bond02
2018-06-04 08:19:11
Krai,тез тиер деген эмне?
0
Kroxa
2018-06-04 21:48:09
Krai,тез тиер эмес,тестиер бала десен,,Ал деген ветнам баласы 3 бала багып алышкан деп турбайбы..
0
Time76
2018-06-04 09:09:56
Тез тиер деген сөз, балакатка жете элек балдарды айтышат, бирок туура жазылуусу "тестиер".
+4
DUNI
2018-06-04 09:42:04
Биздин 43 жаштагы ГАИни сузуп качырган эже менен тен экен да. бирок Анжелина чон корунот экен
+1
Muratmipa
2018-06-04 10:43:11
Супер инфо менин деле кыздарымдын суротун сатып алгыла арзан эле берем
0
eddi.
2018-06-04 11:18:28
Картайып калыптыр
+2
raykray
2018-06-04 12:58:04
Дагы эмне шумдуктары бар экен супер? Жакшы нерсеоерди уйротосунорго?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан