Сирия АКШдан аскерлерин чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллемдин маалымат жыйынында айтканына таянып чет элдик басылмалар жазышууда.
"Кошмо Штаттар Эт-Танфадагы аскер базасын жаап, өлкө аймагынан аскерлерин толук чыгарып кетүүгө тийиш. Сирия бийлиги ошондон кийин гана өлкөнүн түндүгүндөгү коопсуздук маселеси жөнүндө сүйлөшүүлөргө барат", - деди Сириянын министри.
Маалыматтарга ылайык, АКШ Сириянын Эт-Танфа аймагындагы аскер базасын террордук жана экстремисттик топтор менен күрөшүү максатында өткөн жылдын апрель айында курган. Бирок Сирия аскерлеринин айтымында, америкалыктар террордук топтор менен күрөшпөй эле оппозициялык күчтөргө колдоо көрсөтүү менен алектенип келет. Ошон үчүн базаны жабуу талабын коюшууда. Ал эми Пентагон бул аймактан аскерлерин чыгарып кетсе, база турган аймакты башка күчтөр ээлеп алат деп кооптонот.