Адахан Мадумаров, саясатчы: "Мен эч качан жеке инсанга иштеген эмесмин, иштебейм дагы"

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине жарым жылдан ашты. "Вазир жакшы - хан жакшы" демекчи, өлкө башчынын жанында кесипкөй адистер болсо, мактоого татыктуу жылыштар көпкө күттүрбөйт.

SUPER.KG порталынын "Жээнбековдун командасына кошулуп иштейт белеңиз? Кайсы жагынан жардам бермексиз?" деген соболуна "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров төмөнкүдөй жооп берди.

"Менде Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин же Жээнбековдун командасы деген түшүнүк жок. Бизде бир гана түшүнүк болуш керек: бизде ыйык Кыргыз мамлекети бар, касиеттүү кыргыз элибиз бар. Ушул мамлекетибиз үчүн ким менен болсо дагы иштешкенге дайым даярмын. Бирок ким менен болсо да иштей берем дегендей ишке муктаж болуп же ага зар болгон жерим жок.

Мамлекеттин жана элибиздин кызыкчылыгы үчүн жасай турган иштер толтура, бирок бүгүнкү күндө муну түшүнгөн бийлик жок. Азыркы бийлик мен койгон 5 маселенин бирин дагы ушул күнгө чейин чечкен жок, чечпейт дагы. Анткени баары аралашып, баары бири-бири менен чырмалышып биригип кеткен. Мамлекет алдында турган маселелерди чечүү үчүн каалоо керек. Ал эми баары табакташ болгондон кийин бири-биринин көзүн кыя албайт. Эгер пейили түз болсо, ниети таза болсо, өлкө үчүн иштей турган болсо, ким менен болсо дагы иштешкенге даярмын, бирок жеке инсандын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган эмесмин, кылбайм дагы", - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, экс-депутат Улукбек Кочкоров, ишкер Эмил Үмөталиев, саясатчы Темирбек Асанбековдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан