Эртең, 6-июнда саат 10:00дө Бишкек шаарынын борбордук аянтында "Биз, жаштар - кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз" деген аталыштагы флешмоб болот. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара "Enactus-Кыргыз өлкөсү" уюму тарабынан Билим берүү жана илим министрлиги менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен уюштурулууда. Флешмобдун максаты - жаштардын кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршы экенин билдирүү. Иш-чарага катышкан колледж, жогорку окуу жайлардын студенттери коомчулукка, ата-энелерге кайрылып, кыз ала качууга тыюу салууга жана кыздарды кыйнап эрте турмушка бербөөгө чакырышат.
"Флешмобдун катышуучулары эстафетаны башка облустардагы студенттерге өткөрүп беришет. Ошондой эле борбор калаадагы бардык тургундарды алардын катарына кошулууга чакырат. Борбордук аянтка топтолгон жаштар биргеликте "Кыз ала качууну жана эрте жаш куракта никелешүүнү токтот" деп айтышат. Бул маселелерге кайдыгер карабаган 5 миң студенттин флешмобго келиши күтүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.