Курманбек Бакиевдин Орусияда ооз ачар өткөргөнү кызуу талкууланууда

Мурунку президент Курманбек Бакиевдин атынан Орусияда Кыргыз мигранттары үчүн ооз ачар уюштурулганы коомчулукта кызуу талкууланууда.

Маалыматка караганда, аталган иш чара 2-июнда Москва шаарында болуп өткөн.

Ооз ачарга 500гө чукул мекендешибиз катышкан. Мындай иш-чара 3-жыл катары менен өткөрүлүп жатканы айтылууда. Бул ирет Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн атынан Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев катышты.

Бакиевдин бул кадамын социалдык тармакта колдогондор да, сынга алгандар да көп болууда. Айрымдар: "Дагы эмнени пландап жатты экен? Өлкөдөн уурдаган акчасына ооз ачар кылып жатат. Кыргыз элинин намысы кайда калды? Уурунун колунан тамак жеп жатышат", - деп сынга алып жатышат. Ал эми "Ооз ачыруудан саясат издебейли. Мусулмандык милдетин аткарып жатат" деп колдоого алгандар да бар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (116)
fantomas
2018-06-06 18:26:55
3) Бакиевдер качкандан кийин алардын банк ячейкаларынан табылган ондогон миллион доллар акчалар, баалуу буюмдар, алтын лабораториялары, Жалал-Аладдагы, Бишкектеги резиденция, хан сарайлары, мына ушулардын баары Бакиевдердин бешене тери, маянасынан куралган адал байлык экенине ишенген ким бар аранарда?!!

Бакиевдердин офшордук банк эсептеринде,э жаткан, оздору менен ала качкан миллиард долларга жакын байлыгычы?!! Эми ошондо Бакиев эл байлыгын уурдаганы учун жакшы президентпи?
+5
Rifle_I
2018-06-06 20:42:35
fantomas,ошол акчалар АШАга кетти да. Же бюджетке киргиздиби ?
0
fantomas
2018-06-07 10:48:57
Rifle_I, алып качкан байлыгы, ага чейин эле тышка ташып чогулткан миллиард доллардай байлыгы Бакиевдин озундо калды... Алып кача албай калган байлыгын "убактылуу Окмот" мучолору болуп алышты, Атамбаев, Текебаев, Отунбаева, Сариев, Бекназаров ж.б.
+6
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-06-06 18:33:22
Бакиев Курманбек молодец азаматсыз Алла ыраазы болсун
+5
fantomas
2018-06-07 10:50:30
KYRGYZ_bolson_BRAT, Кыйналган лдин байлыгын уурдап, элди тентиткениниз учун азаматсыз, Алла ыраазы болсун, уурдап туура кылгансыз дегенин го ээ?!!
+6
Rifle_I
2018-06-06 20:41:50
Баары ниетке жараша. Бирок Бакиев учурунда мынчалык башаламан болгон эмес эле. Кычкач 150 сом, көчөт 100 сом, устундар 300-500 сом болгон. Анан да карызыбыз чачтан ашкан эмес. Кытай раком поставил. АША кол тийбес алып алды.
Карызды кандай кутулабыз билбейм.
+7
namys
2018-06-07 00:26:21
Улуу урматуу К.Салиевич. Сизди миллиондогон кыргыздар озгочо Ош жана Баткен Исфана колдойт. Алга Бакиев
0
Rystambekkg
2018-06-07 01:47:35
Еми Бакиев ооз ачар быйыл гана откоргон жок жыл сайын откоруп келет. Емне откорсо жакшы ен жакшы
Ийгилик ошентип ыйык айларда ооз ачыргандарга баргандардын орозосу кабыл болсун.
-4
Amarok
2018-06-07 07:31:41
Бакиев азамат!Келжиреп оозуна киргенди сүйлөгөн АША нын колунан ушундай иш келип жатканын көрдүңөр беле?
-5
gordaya
2018-06-07 09:45:39
Бакиевдин куйруктарын кошо кармаса сонун болот эле, анын аркасы мн мародерстводон бекер жер алгандарды, кызматка отургандарды, баарын кармаса сонун болот эле
+7
admin_superstan
2018-06-07 10:27:40
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөр түзөтүлдү! Жеке айтышууларды купуяда уланткыла!
+4
Sezimim...
2018-06-07 11:57:01
Кызык элебиз адамдар.Бакиев жакшы иштедиби, АШАбыз жакшы иштедиби куда билет.Ар ким озунордун оюнарды ар кимге тануулабай кыбырап эле тиргилигинерди кыла бергилечи.Биз болгону доолордун ортосундагы чымынбыз...Алибетте окунучтуу жонокой эл бийликке таасир бере албай келе атабыз.Каалаганын камайт,каалаганы бийликке келет.Аа бийлик адамдарды пвйдалангысы келгенде каалагандай калчап ойнойт.Бойроктон шыйрак чыгарбай тынч эле жашайлычы.
-1
Miroslav
2018-06-07 13:49:37
Курманбек Салиевич Бакиев чыныгы призидент болгон,дагы да призидент бойдон калат.Ал эми апрель окуясын тарых оз ордуна койот буйурса.Ооз ачырганы эн туура иш кылыптыр,Москвада болсом менда бармакмын.Минус баскандарга чоон сооп иштерди каалайм,ден соолугунар чын,омурунор узун болсун.Курманбек Бакиевге да узун омур чын ден соолукта болсун демекчимин.
-2
Begimjan
2018-06-07 15:59:49
Аша ны прездент болуп турган убагында элеуХХХХХХ керек эле,ХХХХХХ.Аша эч кандай дурус иш кыла албады,мактоого татыбайт ал.Ошол 7 апрельди да ХХХХХХХХХ
0
Begimjan
2018-06-07 16:15:48
Azat 97. буйурса кудакааласа келет,почти элдин 80%ти билип калды ким кылганын,ким уюштурганын.Бакиевде куно жок.
-3
dinara7684
2018-06-07 16:26:58
Ооз ачаарды саясатка байланыштырып кереги жок,Бул ар бир мусулмандын парзы.
-2
bakulya2015
2018-06-07 19:29:28
Арам акчабы адал акчабы бирок жакшы иш кылыптыр сооп иш кылыптыр башкалардын колунан келип жатабы ушул иш Аллах ыраазы болсун. Туткан орозолору кабыл болсун. Бул жашоодо баары адашат. Мен бирок олкобуздо башчыларыбыздын ичинен ушул кишини сыйлаймын себеби ушул иштеп турган мезгилде салыштырмалуу жакшы болгон. Окуучуларга тамактыда ушул уюштурган айлыктарда жакшы берекелуу болчу. Жакшыны жакшы деп эле коёлу кудайга шугур. Ар бир инсандын терс и он сапатты жана иштери болот.
-2
NeRiNa
2018-06-07 21:52:27
Ьакиев жакшы иштеген. Апрел окуясында козу откон мекендештердин жаны бейиште болсун, куноолору кечирилсин. Адашып митинге чыгып алган...бекер эле олуп кетишти. Алардын олуму Атамбайга сабак болбогон. Кереги деле жок болчу митинг революциянын!!!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан