Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча турмуштун оор кырдаалына кабылган кыз-келиндерди камкордукка алган "Ак жүрөк" кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова социалдык тармакка сабалган аялдын денесинин сүрөттөрүн жарыялады.
Анда денесинин таза жери дээрлик калбай, көк ала так менен жаткан аялдын сүрөтү кызуу талкууланууда. Асилбекова аны күйөөсү сабаганын билдирген. SUPER.KG порталы "Ак жүрөк" борборуна байланышып, Дарика Асилбековадан окуянын чоо-жайын укту.
Анын айтымында, азырынча сабалган келин маалымат берүүдөн баш тартып жатат.
"Анын өзүнүн каалоосу менен биз аты-жөнүн, кайдан келгенин жарыялабайбыз. Келиндин абалы оор, медициналык жардам алып жатат. Мындан тышкары психологдор иштешүүдө, учурда борбордун жактоочусу ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Келин күйөөсү тарабынан сабалган. Көп жылдан бери эле күйөөсү менен жашап, 3төн ашык баланы төрөп берген аялдын ушунчалык кор болгонун кантип жашырам. Балдары чоңоюп, эс-акылына кирип калыптыр. Күйөөсү аны жыгач жана башка колго тийген буюм менен аёосуз сабаган. Денесинде соо жери аз, айрым майда сөөктөрү сынып да кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз.
Келиндин жакындары милицияга кайрылганы менен ал дагы деле ээн-эркин жүрөт. Тиешелүү тараптын көңүлүн бурдуруу үчүн адам сөзсүз өлүшү керекпи. Эмнеге өз учурунда көңүл бурулбайт. Көпчүлүгү үй-бүлөдө көйгөй боло берет деп көңүл бурбайт, азыркы сүрөттөргө да ишенбегендер болуп жатат, бирок мындайлар көп", - деди Асилбекова.
Ошондой эле ал сабалган келин 30га чыга элек экенин белгиледи. Ал жакындарынын коштоосунда мындан 10 күндөй мурун "Ак жүрөк" кризистик борборуна келген.
"Бул аялдын сабалышы мен көргөн тагдырлардын бир учкуну гана. Биздин борборго үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан улам келип түшкөндөр өтө көп. Мен бул көйгөйдүн токтошун абдан каалайм, кандай болгон күндө да күйөөсү аялына кол көтөрбөш керек", - деп кошумчалады Асилбекова.
"Ак жүрөк" кризистик борбору 2002-жылы негизделген.