Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон сапарында эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, кол коюлган документтердин ичинде эки өлкөнүн элчиликтери үчүн жер тилкелерин алмаштыруу келишимине кол коюлган жок.
Айта кетсек, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай Эл Республикасынын элчилигине борбор калаадагы 3,3 гектар жерди берүү жана Пекинден 25 сотых жерге ээ болуп, Кытайдын каржылыгында 9 миллион долларга имарат куруу келишимин колдогон.
Буга чейин президенттин Кытайга боло турган иш сапарында жер боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлуусу мүмкүн экендиги айтылган. Коомчулук жерди ижарага берүү боюнча келишимге "президенттин Кытайга болгон иш сапарынын астында шашылыш кол коюлду" деп сынга алган. Президенттик аппарат бул сындарды "негизсиз" деп айткан.