Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынан фоторепортаж

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июнда Кытайга расмий мамлекеттик сапары менен барды. Өлкө башчы бул мамлекетте 10-июнга чейин болмокчу. 9-10-июнь күндөрү өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.Сооронбай Жээнбековду аэропорттон Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды

Кечээ, 6-июнда Пекиндеги аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинип, Сооронбай Жээнбековду Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушуусунун расмий аземи Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта өткөрүлдү. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин

Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга жана экономикалык, медициналык, туризм жана социалдык багыттагы 10 документке кол коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков менен жылуу учурашып, Кыргыз өлкөсү менен өз ара мамилелерди тереңдетүүгө Кытай тарап кызыкдар экенин белгиледи.

"Биз Кыргыз-Кытай мамилелеринин келечегине оптимисттик көз караштабыз, мен Кытай менен мамилелерди тереңдетүүгө даяр экениңиз тууралуу сиздин билдирүүңүздү баалайм. Биз жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, биздин ар тараптуу өз ара аракеттешүүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жактайбыз. Мен биздин мамилелердин келечегине оптимизм менен карайм жана кылымдардан берки достуктун духунда биздин элдер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярбыз", - деп белгиледи Си Цзиньпин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын башчысы Си Цзиньпинге жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана аны менен алгачкы жолу жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.

"Мен өзүмдүн биринчи мамлекеттик сапарым менен Кытай жергесине келгениме, эң сонун Пекин шаарын көргөнүмө, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышканы жатканыма кубанычтамын. Бул менин Кыргыз Республикасынын президенти катары Кытайга биринчи мамлекеттик сапарым. Менин Кытайга мамлекеттик сапарым биздин тышкы саясатыбыздын багыты өзгөрүлбөстүгүнүн далили болуп саналат", - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди 2019-жылы өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алдында Кыргыз Республикасына жооп иретинде мамлекеттик сапары менен келүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан