super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ИЮНЬ: Ырчы Гүлзат Батырканова арабызда болгондо быйыл 45 жашка чыкмак

 
Бүгүн ырчы Гүлзат Батырканова арабызда болгондо 45 жашка толмок. Ал 1973-жылы 7-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн.
Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу бала кезинде эле ойгонгон. 7-8-класска келгенде "Жаш кыял" эстрада ансамблине кирет. Ансамблде Гүлнур Сатылганова, Эрик Кадырбаев, Роза Аманова менен чогуу ырдаган. "Мен окуган мектеп менен маданият үйүнүн аралыгы 200 метрдей болчу. Сабакта отурсам да окууга көңүл бөлбөй, терезеден маданият үйүн тиктеп, кыялданып "качан сабак бүтүп, репетицияга барат экенмин" деп отурчумун", - деп "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде айтканы бар.
Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетине тапшырып, журналистика факультетин бүтүргөн.
Гүлзат Батырканова 1995-жылы Мурат аттуу аскер адамына турмушка чыгып, 1 кыз, 1 уулдуу болушкан. Ырчы Коргоо министрлигинин алдындагы оркестрде эмгектенген. Анын репертуарындагы ырлары - "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө", "Торгоюм" жана башкалар.
Коомдук биринчи каналда "Сармерден" шоу-программасында алып баруучу болуп эмгектенген.
Гүлзат Батырканова 2015-жылдын 2-январында жол кырсыгынан каза болуп, сөөгү Кызыл-Дыйкан айылына коюлган.
7-июнга карата жылнаама.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.06.2018. 13:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
09-09-2018 16:10
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы адам эле Билинбей эле 3 жыл отуптур жаткан жери жайлуу болсун мыкты ырчым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: