Бишкекте тургун жетелеп жүргөн жолборс кайдан келгени айтылды

Бишкекте белгисиз адам жетелеп жүргөн жолборс делген жаныбар Москва шаарынан келген "Шапито" циркине тийиштүү арстан болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

"Мамлекеттик экотехинспекция кызматына белгисиз адам шаар ичинде жолборстун баласын жетелеп жүргөнү боюнча маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде биздин инспекторлор окуяны жеринен иликтешкен. Иликтөөнүн жыйынтыгында ал 11 айлык арстан Москвадан Кыргыз өлкөсүнө цирк оюндарын көрсөтүү үчүн алып келингени белгилүү болду.

"Биздин кызматкерлер жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми жаранга коомдук жайларда жырткыч жаныбарды алып жүрүүгө тыюу салынганы айтылып, түшүнүк кат алынды. Ал жаран цирктин кызматкери болгон. Жаныбарды болсо сейилдетип жүргөнүн айтып берди", - деди маалымат катчы.

Ал эми Орусиянын Москва шаарынан келген "Шапито" цирки Бишкек шаарында 9-июндан баштап 1-июлга чейин оюн көрсөтүшөт.

Күндүн фотосу. Бишкекте белгисиз адам арстандын баласын жетелеп сейилге чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Tariel_tt
2018-06-07 17:12:07
Жолборсту арстан дегениер мышыкты ИТ дегениер болуптур.)))
+6
admin_superstan
2018-06-07 17:46:42
Tariel_tt,
Саламатсызбы! Маалымат такталган.
0
sirgak_92
2018-06-07 17:58:21
Тигр болуп жатпайбы
+1
bond
2018-06-07 18:43:11
Циркти рекламалоонун дагы бир жолу.
+4
Isken.der
2018-06-07 21:46:11
Жолборс, Арстан жетелеп журуу мода айланганбы, учунчу жолу болду окшойт быйыл
+1
Birimdik5555
2018-06-08 00:18:39
Ошко да барат бекен цирк?
+1
Komrad
2018-06-08 14:15:57
Жетелегени жакшы. Ал дагы жаныбар да.
+1
Siren90
2018-06-09 12:40:59
Таргыл арстанды биринчи корушум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан