"Чыгыш электр" ишканасы 15 жылдык мөөнөт менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 4 миллион евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат алууда. Ал каражатка "Чыгыш электр" ишканасы электр энергиясын колдонуучулар үчүн 32 миң акылдуу эсептегич сатып алат.
Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, алынган насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү - 3 жыл. "Чыгыш электр" ишканасынын өкүлдөрүнүн айтымында, алынган насыянын 300 миң доллары консультанттарга төлөнөт.
Депутаттар 32 миң акылдуу эсептегич сатып алуу үчүн кеңеш берген адамдарга чоң көлөмдөгү кызмат акы төлөнүп жатканын сынга алышты. Депутат Төрөбай Зулпукаров карыз алууда өкмөттү ойлонууга чакырды. "Биз кредит алууда коркуп калдык. Бул карызды кийинки муунга илип жатабыз. Ошондуктан ойлонуп алыш керек. Консультанттарга 300 миң доллар төлөнөт деп жатасыздар. Биз бир нерсе сатып алууда да бирөөнүн консультациясына муктажбызбы? Ойлонуп иш кылсаңыздар. Мамлекеттен айлык алып отурган адистер эмне иш кылып отурат? Келишимди түзүп жатканда өз оюңарды айтпайсыңарбы, "биздин да акылыбыз бар" деп уялбайсыңарбы?!" - деп сынга алды Зулпукаров.