Өлкөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүндөгү Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, баа тышкы фактордун таасиринен улам көтөрүлүүдө.
"Бизге күйүүчү май Орусиядан ташып келинет. Учурда Орусиянын заводдорунда баалар кескин көтөрүлүп кетти. Май айында бензин менен дизелдин баасы 10 пайызга жогорулаган. Мындан улам биздеги күйүүчү май саткан компаниялар бааларын 2 сомго көтөрүүгө аргасыз болушту. Дагы 2-3 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн", - деди Улан Кулов.
Учурда өлкөдө күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылууда.