Кыргыз-Кытай элчиликтери үчүн жер тилкелерин алмаштыруу жараянына Жогорку Кеңештин тиешеси жок. Бул тууралуу парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жогорудагы маселе боюнча Жогорку Кеңеш эч кандай таасирге ээ эмес.
Ал эми дагы бир депутат Алмазбек Баатырбековдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары учурунда жогорудагы келишимге кол коюлбаганына майда документтердин бүтпөгөнү себеп болгон. "Менин билишимче, ушул сапар учурунда кол коюлмак. Бирок биз тараптан же Кытай тараптан майда бир-эки документ бүтпөгөн экен. Ошол себептен кол коюлбаптыр. Ал эми бул маселе парламентте каралабы, жокпу анык эмес", - деди Баатырбеков.
Эске салсак, 31-майда Бишкек шаардык кеңеши Кытай Эл Республикасынын элчилигине борбор калаадагы 3,3 гектар жерди берүү жана Пекинден 25 сотых жерге ээ болуп, Кытайдын каржылыгында 9 миллион долларга имарат куруу келишимин колдогон.
Буга чейин президенттин Кытайга боло турган иш сапарында жер боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлуусу мүмкүн экендиги айтылган. Коомчулук жерди ижарага берүү боюнча келишимге "президенттин Кытайга болгон иш сапарынын астында шашылыш кол коюлду" деп сынга алган. Президенттик аппарат бул сындарды "негизсиз" деп айткан.