Жансыз денеси 2014-жылы Бишкектин четиндеги көрүстөндүн жанынан табылган маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн бети ачыла элек. Бул тууралуу ИИМдин коомдук кеӊешинин отурумунда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.
Анын айтымында, кээ бир кылмыштардын бетин ачууга төрт-беш жыл талап кылынат. "Бул иш боюнча тергөө иштери дагы деле жүрүп жатат. Айрым жагдайларды ачыктоо үчүн көп убакыт кетет. 4 жыл аралыгында иштин айрым бөлүктөрү аяктады", - деди Нурбек Абдиев.
Ошондой эле ал мурдагы депутат Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасов (Салянов) Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө айыпталбаганын айтып, болгону ал тергөө иштерине күбө катары суралуу үчүн издөөдө жүргөнүн кошумчалады.Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.
К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1 миң 500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "маркум Дүйшөбаеванын өлүмүнө катыштыгы бар болушу мүмкүн" делип, айрым белгилүү адамдардын ысымдары айтылган. ИИМ тараткан маалыматтарда, алардын арасында "Мекен шейиттери" уюмунун мурунку жетекчиси Осунбек Жамансариев жана Аида Салянованын аталаш тууганы Калыбек Элтуйбасовдордун да аттары бар.
Тергөөнүн жүрүшүндө "аты аталган адамдар менен маркум кыз курбусу экөө Бишкектеги сауналардын биринде жолугушкан" деген жүйөлөр келтирилген. Милиция Элтуйбасовго издөө жарыялап, "ошол саунадагы видеокамераларга тартылып калган тасмаларды өчүртүп салган" деп шектөөдө.