ШКУнун келерки жыйыны Бишкекте өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун келерки жылдагы саммити Бишкекте өтүп, ага Кыргыз өлкөсү төрагалык кылат. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин учурда Кытайда өтүп жаткан саммитте сөз сүйлөп жатып 2018-2019-жылдагы ШКУнун төрагалыгын Кыргыз Республикасына өткөрүп берди.

"Кытай Кыргыз өлкөсүнө саммитке даярдык көрүүгө көмөктөшөт. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кийинки саммити дагы жемиштүү өтөрүнө ишенем", - деди Си Цзиньпин.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз тарап 2017-2018-жылдары ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинде Кытай тараптын төрагалыгынын жыйынтыгын жогору баалай тургандыгын, ШКУнун кийинки саммити 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтөрүн белгиледи.

"ШКУнун эрежелерине жана жол жоболоруна ылайык, бул жыйындын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасы 2018-2019-жылдары ШКУ мамлекет башчыларынын Кеңешинде төрагалыкты кабыл алууга жана уюмдун мындан аркы өнүгүшүнө өзүнүн татыктуу салымын кошууга даяр.

Биз өз ара ишенимди жана түшүнүшүүнү, конструктивдүү жана жемиштүү кызматташууну, ШКУ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосунда достук жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө умтулабыз жана мамлекет башчыларынын кезектеги саммитин 2019-жылдын 14-15-июнунда Бишкекте өткөрүүнү сунуш кылабыз", - деди Жээнбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан