Депутат Руслан Казакбаев: "Саясий куугунтук кимге болгонун жана болбогонун тарых көрсөтөт"

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир топ саясатчылар абакка кесилген, алар муну саясий куугунтук деп баалашууда. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынындагы билдирүүсүнөн кийин коомдун бир бөлүгү мурунку бийлик тушунда камалгандарга соттун чечими өзгөрүлөт деп күткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин камактагы саясатчылар боюнча иш мурунку калыбында калып келүүдө.

Ушул кырдаалдан улам SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин тушунда "саясий негизде соттолгон" делген саясатчылардын дагы деле акталбай жатышынын себеби эмнеде?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.

Депутаттын айтымында, бардык жагдай мыйзам жолу менен иликтенип, чечилиш керек.

"Биз көз карандысыз, өз алдынча мамлекетпиз, Конституциябыз бар. Соттолгон адамдардын бардыгы соттун чечими менен соттолгон. Алардын бошой турганын же бошобой турганын сот гана чечет да. Саясий куугунтук болгонбу, болгон жокпу, кээ бир саясатчылардын ою менен аныктай турган болсок, анда биздин мамлекетибиз жоголот. Бардык нерсе мыйзам жолу менен чечилиши керек.

"Саясий куугунтук болду" деген пикирдин жаралышына соттор адилеттүү болбой калганы коомдогу аларга болгон ишеним төмөндөп кеткени себеп болууда. Учурда президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагында эрктүүлүк бар экенин элге жарыялады, бул чоң жоопкерчилик. Айтылган мындан аркы аткарылчу иштерге мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, коомчулук, баарыбыз жардам кылышыбыз керек.

Баса белгилеп кетейин, саясий куугунтук болдубу же болгон жокпу сот чечет, соттор акыйкат болсо, коомдо мындай түшүнүктөр өзүнөн өзү азаят. Мен азыр ким саясий куугунтук менен камалганын айта албайм. Кимге саясий куугунтук болуп, кимге болбогонун убакыт, тарых көрсөтөт", - деди Казабаев.

Коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, журналист Жамиля Аилчинова, саясий ишмер Эдил Байсалов жана саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикирлери бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан