Шаардык сот Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салуу боюнча өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөттү

12-июнда Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, сот чечим чыгарды.

Ага ылайык, Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салуу боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, "Алмамбет Шыкмаматов 2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.


кошулду
Шаардык сот Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кайра тергөөгө жөнөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bayhan
2018-06-12 11:44:08
Жакшы жаңылык, соттор адилеттүү боло баштаганго.
+6
didu
2018-06-12 12:49:22
ото жакшы
+5
bilbeim.dordoi
2018-06-12 14:23:15
Ото жакшы жанылык
+4
mirkaa5182
2018-06-12 14:43:55
Туура эле чечим болуптур деп ойлойм...
+5
Mamiev
2018-06-12 15:01:03
Соттор адилеттуу болбой эле бийликке жагынууда.Ошто бир эже чыркырап чындык издеп ыйлап журот соттордун адилеттуулугун коруп жатабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан