ЖЫЛНААМА, 12-ИЮНЬ: "40 жашты белгилебейт деген ырымга таянып туулган күнүмдү белгилебей турган болдум" дейт Азиз Мурадиллаев

Бүгүн актёр Азиз Мурадиллаев 40 жашка толду. SUPER.KG порталы актёрду куттуктап байланышка чыкты.

"Негизи 40 жашты белгилебейт деп коёт. Ошол ырымга таянып туулган күнүмдү белгилебейм. Таң аткандан бери куттуктоолорду окуп отурам. Кечкисин үй-бүлөм менен чакан кече өткөрөбүз", - дейт ал.

Азиз Мурадиллаев 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Москвадагы Щепкин атындагы училищеге тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн.

Актёр 1996-жылы актриса Эльвира Жумалиева менен баш кошуп, 2 балалуу болушкан.

Азиз Мурадиллаев "Манастын уулу Семетей", "Ай тутулган түндө", "Каркыранын канаты", "Играем Андерсона" сыяктуу жалпысынан 40тан ашуун спектаклде ойноп, "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Жараланган турна", "Президент жана бомж", "Курманжан датка" жана башка тасмаларда роль жараткан. Ал эми "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын образын жараткандыгы үчүн "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2014-жылдын супер актёру" деп табылган.

12-июнга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Crystal
2018-06-12 14:35:10
Азамат
+2
Janna07
2018-06-13 00:35:07
Мага козу жагат ушул актердун
+1
nureles70
2018-06-13 03:18:44
Абдан таланттуу актёр, бар болунуз!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан