Анжелика: "Туулган күнүмдөгү 5 кабаттуу тортту кайрымдуулукка берем"

12-июнда ырчы, актриса, алып баруучу жана ишкер айым Анжелика борбордогу ресторандардын биринде 29 жашын белгиледи. Кече адаттагыдан өзгөчө болду. Ырчы айым туулган күнүн бул ирет жашоосунда өзгөчө орун ээлеген айымдар менен гана өткөрдү.

Майрамдык кечеде Анжелика айым апасына гүл берип, бүгүнкү күн жарык дүйнөгө алып келген апасынын майрамы экенин айтты. Ырчынын апасы Гүлина айым: "Кызымды 7 жыл Кудайдан тилеп тапкам. Эне деген баласы үчүн бардыгын тартуулагысы келет. Мен кызыма "жүрөгүмдү" тартуулайм", - деп алтын зер буюмун тартуулады. Ал эми оригиналдуу белектердин бирин Анжеликанын эң жакын курбусу тартуулады. Тагыраагы, ак жана кызыл роза гүлдөрү менен "Анжела" деп жазылган вазадагы гүлдөрдүн топтомун берди. Анжелика айымды сыйлаган, аны менен чогуу иштешкен мырзалар да бул күнү четте карап тура албады. Тактап айтканда, кечеге дизайнер-модельер Арзубек Вонама келип, ырчыга жаңы кийимдер коллекциясынан көйнөк белекке берип кетти. Ал эми ырчы айым кеченин соңунда туулган күнүн кандай өткөргөнүн айтып берди.
"Мени биринчилерден болуп кыздарым куттукташып, белектерин беришти. Алардын белеги мен үчүн туулган күнүмдөгү эң жагымдуу белек болду. Туулган күнүм Кадыр түнгө туш келип калганына да сүйүнүп турам. Өздүк майрамымды түнү менен жакындарымдын курчоосунда тостум. Периштелер түшкөн күндө менин дарегиме жакшы каалоо-тилектер айтылды. Туулган күнүм 3 жылдан бери Орозо айына туш келип жатат. Ошондуктан жакындарымды ооз ачар маалга чакырдым. Өзүм дагы орозо кармагам. Коноктор менен бирге ооз ачып жатам. Бүгүн белектердин эң өзгөчөсү кондитердик компания белек кылган 300 адамга жете турган 5 кабаттуу торт болду. Анын эң үстүндө таттуудан менин сөлөкөтүм жасалган. Ал эми торттун артканын кайрымдуулукка берем. Туулган күндүк кечеге чакырылган коноктордун дээрлик бардыгын айымдар түздү. Негедир бул ирет айымдардын курчоосунда гана өткөргүм келди. 29га чыгып 3 кыздын апасы болдум. Жашоомдо алдыга койгон пландарым ишке ашып келе жатат. Мен бактылуумун", - дейт Анжелика.



кошулду
Анжелика 29 жашын жалаң айымдардын курчоосунда тосту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
Rasul94
2018-06-13 08:44:27
Анжелика 1 айда соссуз суперге чыгып турат эээ достор
+13
monster_high_98
2018-06-13 09:20:43
Rasul94,Жума сайын
+18
ALINALISA
2018-06-13 12:28:11
monster_high_98,))
+4
monster_high_98
2018-06-13 09:23:37
Орозо болсон балакетине Айжанды жамандайсынбы?Дагы эмнене мактанасын торттун калганын кайрымдуулук кылам деп,чын журоктон кайрымдуулук кылсан мактанбай эле,эчкимге билдирбей берип коймоксун да,кармаган Орозон менен суйлогон создорун дал келбейт го
+27
jbolotov
2018-06-13 09:29:22
Арт....ны аялым дебе деген соз туура ээринбегендин баары барган окшойт бул кызга.
+13
Alixan-Nookat.2015
2018-06-13 09:37:04
Туулган күнүң менен куттуктайм! Каалоорубуз чың ден-соолук, узун өмүр,ар дайым кыздарындын бактысына аман бол жана өзүң ойлогон адамга туш болуп бактылуу бол!
-10
Miya
2018-06-19 21:22:22
Alixan-Nookat.2015,элдер ушунча ичи тарбы, калоо тилекке дагы - коюшуп
0
Ibragim06
2018-06-13 09:40:31
Анжелика сизде Кудай берген сулуулук бар.Аялдарды колдоп, муктаждарга жардам берип көп сооп таап жатас.Көп аялдар сизди жакшы көрүшөт.Бирок Кудай сизге берген сулуулукга шүгүр кылып, Кудайдын буйругун аткарып хиджап кийсеңиз, сизди колдогон канчалаган аялдарда хиджап кийишике кызыгып Кудайдын алдынча чоң соопторго калар элеңиз.Чоң бурулуш жасар элеңиз.Сиздей сулуу кызды хиджап анданда сулуу кылат.Сураныч Алла үчүн имиджиңизди Алла сүйгөн тарапка өзгөртүрүңчү.
-16
Makkambaev97
2018-06-13 10:05:18
Кадыр тунду туулган кун тосуп откорбойт
+12
Freemankg
2018-06-13 10:50:49
Кылгандан кийин айтпайбы, кыла электе кылат элем деп. Тортту ооз тийбей берсе болмок, калдыктарын жаратпай.
+10
erlan2196
2018-06-13 10:59:22
Анжелика эмне мынча сулуусун?
-16
Dembele84
2018-06-13 11:00:48
Бул озун реклама кылып журот,ошончо чуу жараткан жашоосунан кийин.Баарибир эл билип бутту кто есть кто!
+10
qwert
2018-06-13 11:15:27
Туулган кунду коюп жашоосун келечегин ойлосо болмок, ХХХХХХ ХХХХХХХ кыздарына жаман болду Урматтын.
+8
aika5089
2018-06-13 11:39:02
qwert, ХХХХХХХХХ Орозо айында бироонун ХХХХХХХ
-3
admin_superstan
2018-06-13 12:17:30
qwert, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
AKCAHAT
2018-06-13 13:18:07
Жетишсиз жашоодо жашагандарга торттун мне кызыгы бар))) тем более бироолордун калгандарын кураштырып бергенин. Просто эле пиар озун корсотуп мактаныштын бир жолу.Болбосо туулган кунун да башка кунун да айтпаса эч ким билбейт озу. Акырында чычалап калп эле дагы бир пиар чыгарып менин жашоомду Эл карап эле олтурат деп 2 бет кылып роман жазат. Айласыз аял экен 3 кызы боло туруп оспурумдорго окшоп ойлонот. Подписчигим бар деп тим эле армиясы бардай болото))))
+13
Janna07
2018-06-13 15:04:19
AKCAHAT,эн туура создорду жазыпсыз, армиясы бардай дениз ха ха ичим эзилди кулоберип
+4
meni_kut
2018-06-13 13:31:32
Копчулугу жуз буруп кеткен бейм,шоу бизнестегилер куттуктабады
+6
meni_kut
2018-06-13 13:33:31
А озу эч кимдикине калбай барчу.
+5
Lekarstvosvoegomuja
2018-06-13 14:56:19
Тим эле тортту 300 кишиге жегенсип жасатыптыр го. Ченеп эле жасатпайбы
+2
fantomas
2018-06-13 18:55:25
Дагы эле ошол Анжеликабы?!! Дагы кайсы арына мактанат, ошончо кеп-создон кийин?!! Башкасы болсо эл козуно чалдыкпай элден качып калмак, уятынан...


Булчу бул, кайра кучойт го чиркин...
+9
aiko01
2018-06-21 11:45:27
fantomas, ооба туура айтасыз акыркы күндөрү анжелика деген жаңылыктар тажатып баратат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан