super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев каза болду (өмүр баяны)

 

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Нурланбек Кадыкеев (мурдагы фамилиясы Макеев) каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, Кадыкеевге жакында Түркияда операция жасалган.

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич 1970-жылдын 21-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1988-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы “Кочкорка” ишканасында автослесарь болуп иштөө менен баштаган.

1997-2000-жылдары - Бажы иштери боюнча "Туркуаз" ишканасынын башкы директорунун орун басары;

2000-2001-жылдары - "Дамла-Транс-ЛТД" ишканасында башкы директор;

2001-2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык полиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмүндө кызматкер;

2002-2003-жылдары - Чүй жана Талас облустары боюнча Региондор аралык финансы полициясы башкармалыгынын бажылык укук бузуулар, кыянаттык кылуу жана коррупция менен күрөшүү бөлүмүнүн улук кызматкер;

2003-2004-жылдары - Чүй жана Талас облустары боюнча Региондор аралык башкармалыгында 3-бөлүмдүн башчысы;

2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин Бишкек бажы ЖТКсынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Ошол жылдын сентябрынан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитетинин Кара-Балта бажы ЖТКнын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

2005-2010-жылдары “Манас” бажыканасынын башчысы.

2015-жылдын 4-октябрында “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

Артында эки баласы калды.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурланбек Кадыкеевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
13.06.2018. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
879
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
20-06-2018 15:05
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жаткан жери жайлуу болсун!
13.06.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
19-06-2018 23:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
туугандарына, балдарына сабыр
13.06.2018. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
491
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
20-06-2018 14:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун
13.06.2018. 10:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
20-06-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии.. иманы саламат болсун.. туугардарына кайрат тилейм. Калган омурун балдарына берсиг Кудайым...
13.06.2018. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
20-06-2018 14:51
Жынысы:
Белгисиз
-3
Pchelka85,омуру калса озу жашайт эле. Калбаган учун каза болду да. Мындай айтканыныз туура эмес. Жайы жаннатта болсун.
14.06.2018. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
20-06-2018 15:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Adi.Avazbekov,Жашалбай калган омуру деген мааниде
13.06.2018. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
20-06-2018 14:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйманы саламат болсун. Жашоо бугун бар эртен жок... Дамла транста чогу иштеген элек.
13.06.2018. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
430
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-06-2018 13:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оло тургандар олбой,бейкуноо депутат кетиптир жайын жаннаттан кылсын аллахым
13.06.2018. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
14-06-2018 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
-5
Rasul94, бейкуноо экенин кайдан билдин?!! Бул депутатын башка депутаттардай эле элдин кызыкчылыгына каршы долбоорлорго добуш берип жургон... Керек болсо санап да берем...

ХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-14 13:13:40
14.06.2018. 00:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
491
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
20-06-2018 14:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fantomas, окунбойсун ичеер суун тугонгондо окуносун олгон адамды жамандаган куноо болот ойлонуп суйлосон
14.06.2018. 01:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
14-06-2018 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+3
Zainidin96, элибизде ошондой соз бар го, бирок каза болгон маркумдардын баарын жакшы дей берсек кандай болот?!! Же ал жонундо айтпай койсок эмне озгорот?!!

Мисалы Гитлер олду, Гитлер кандай канкор экенин, анын айынан жуз миндеген аталарыбыз фронтто каза болгонун, дагы ошончосу кан кусуп майып болуп кайтканын билебиз. Ошондо Гитлер жакшы дейлиби?!! Же Гитлер тууралуу ооз ачпайлыбы, олуп калган киши тууралуу жаман соз айтпайлы деп?!!

14.06.2018. 01:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
14-06-2018 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
Zainidin96, Эртен Атамбаев олуп калса, "жакшы киши болуучу, тыштан миллиарддаган карыз алып, мойнубузга жуктоп, андан башка толтура жерден миллиарддарды жеген акылдуу, эл сыйлаган киши болуучу" деп айталыбы анда?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
109561;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: