super.kg logo

Кара-Кулжада жашы жете элек кыз менен никеге турган жигит балалуу болгондон кийин соттолду

 

Кара-Кулжа райондук соту жашы жете элек кыз менен никеге турган Нурланга (А.у.Н. аты өзгөртүлдү) карата чечимин чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында жарыяланды.

Эмнеге күнөөлөп жатат?

Соттолуучу Нурлан Жазгүл (С.Ж. аты өзгөртүлдү) менен таанышып, аны менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп Жазгүлдүн жашы никеге туруу курагына толо электигин билип туруп, аны менен никелешип үйлөнгөн.

Айыпталуучу эмне дейт?

Кара-Кулжа айылындагы кесиптик лицейде окуп жүргөн учурда таанышканын, кийин Жазгүл менен баш кошуу тууралуу сүйлөшүп, ал макул болгондо нике кыйдырып үйүнө алып барган. Мындан сырткары Жазгүлдүн туугандары экөөнүн баш кошконунан кабардар болушкан. Ошондой эле жубайынын жашы нике курагына жете электигин билгенин көрсөтмө берген.

Жазгүл эмне дейт?

Үч жашында ата-энеси ажырашып кетип таятасынын колунда чоңойгон. 8-класска чейин Кара-Кулжа айылында окуган. Кийин лицейде окуп жүргөн мезгилде Нурлан менен таанышып кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Кийин өз ара баш кошууну сүйлөшүп молдого нике кыйдырышканын, молдо андан жашын сураганда ал айтпай койгонун, жолдошу анын жашы жете электигин биле турганын айткан.

Кызды төрөткөн акушер Жаңылай (Р.Ж. аты өзгөртүлдү) эмне дейт?

Жумушка нөөмөт боюнча ишке келгенин, Жазгүл уул төрөгөнүн, ал төрөт үйүнө түшкөндө жанында паспорту жок болгондуктан эненин тарых баракчасында туулган жылы толтурулбай калган. Жазгүлдү төрөт үйүнөн чыгарып жатканда жашы жете элек экени аныкталган. Мындан улам Жаңылай жетекчиликке билдирүү берген.

Жазгүлдүн таажеңеси Толгонай (Ж.Т. аты өзгөртүлдү) эмне дейт?

Нурландын атасы жаштар өздөрүнчө нике кыйдырып алганын, Жазгүлдүн таятасынын алдына кулдук уруп келгенин айткан. Бирок Жазгүлдүн жашы жете электигин, мындан улам макул болбой турганын айтышкан. Ал эми Нурландын атасы алар буга чейин эле нике кыйдырып алганын билдирген.

Натыйжада

Райондук сот Нурланды 2 жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыраткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
13.06.2018. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Жарык дүйнөгө жаны келген ымыреайды ким багат?
13.06.2018. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
+25
Үйлөнүп таштап кетбептирго тим койгула жаш жубайларды
13.06.2018. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
22-10-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 10:32
Жынысы:
Белгисиз
-6
Туура чечим. Мындайларды катуу жазалаш керек. Болбосо эртен бироонун жашы жете эле кызын зордуктай беришет. Чон сабак болуш керек.
13.06.2018. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
01-07-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарттуу түрдө кесилиптир эчтеке эмес
13.06.2018. 20:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шарттуу түрдө дегени жанагы айына бир жолу барып ээээ мен мында деп көрүнүп турганыбы?Андай эле адилеттүү эккнсиңер өзбектерди да текшергиле алар 16жашында эле турмушка чыгышат.Жакшына жашап атса жөн эле бак тилеп койгула да.
13.06.2018. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 22:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоок камаш керек мындайларлы.Себеби карапайым да.А Салянова бир депутат анын кызы чонойгончо кутушот.Акмак бийликтин закону карапайым анан эл учун ак иштеген адамга гана иштейт.Чыркырап чындык издегендер канча да чындык менен акыйкатты корбой кор болгондор канча?
Mamiev түзөттү 2018-06-13 21:32:56
13.06.2018. 22:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
26-01-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
+3
Бактылуу жашап атабы тек койгула
14.06.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
11-11-2008
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
5 баласы менен таштап кеткендер толтурго ошолорго чара корбойбу...
14.06.2018. 18:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
08-09-2018 16:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну койуп олтургондорун норм камап алгылачы,камап аялына эр баласына ата болуп бергиле анда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: