"Республикабыздагы кайсы мамлекеттик мекемелерде акча көп уурдалат?" Мындай суроо менен Жогорку Кеңештин 13-июнундагы жыйынында депутат Дастан Бекешев кайрылды.
Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эң көп каражат уурдалган жана максатсыз коротулган мекемелерди санап берди.
"Каржылык тартип бузуу боюнча Транспорт министрлиги биринчи орунда турат. Андан кийинки орунду Бишкек мэриясы, Бажы кызматы ээлейт. Ал эми "Электр станциялары" ишканасында эң көп каржылык жоготуу орун алган. Ал 2017-жылы 1 миллион сомго жетти", - деди Марипов.
Бекешев ири каражаттарды уурдагандар, жок кылгандар жазаланбай жүргөнүн айтып нааразы болду.
Учурда Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2017-жылы аткарган иштери боюнча отчётун талкуулоодо.