Болотбек Ибраимжанов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Медетбек Айдаралиев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы кызматынан бошотулуп, ордуна Болотбек Ибраимжанов дайындалды.
Болотбек Ибраимжанов 1965-жылы 25-декабрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1984-жылы Ош облусундагы Алай районунун №67-кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн.
1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Запастагы майор аскердик наамы бар.
1993-жылы Москвадагы Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендүү К.А.Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын "агроном" адистиги боюнча аяктаган.
2002-жылы Ош технологиялык университетинде "экономика" адистиги боюнча билим алган.
2014-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде "Юриспруденция" багыты боюнча билимге ээ болгон.
2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинде экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
1999-2004-жылдары - "Кыргызпахта" ЖАКынын вице-президенти;
2004-2010-жылдары - "Кыргызпахта" ЖАКынын президенти;
2010-2012-жылдары - Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси;
2012-2013-жылдары - Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
2016-жылы Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болуп келген.