Бишкек шаарынан 18 жаштагы кызды ала качып барып, андан соң зордуктап салган окуянын чоо-жайын жабырлануучунун эжеси Айзат бүгүн, 14-июнда маалымат жыйында айтты.
Анын айтуусуна караганда, кызды 24 жаштагы жигит, анын эжеси Мээрим жана айдоочу болуп ала качышкан. Жабырлануучу кыз ала качкан адамды батирдин ээсинин баласы катары бир эле жолу көргөнүн айтат.
"Биз жашаган батирдин ээсинин баласы сиңдимди ала качып кетти. Сиңдимди баланын эжеси машинадан жүк түшүрүп кой деп суранып, унаанын жанына ээрчитип барганда Жумгалга ала качып кетиптир. Сиңдимдин кыйкырганын атам угуп эшикке чыкканга чейин алар кетип калышыптыр", - дейт Айзат.
Андан соң ала качып кеткен тарап телефон менен сүйлөшпөй, кийин телефон чалып кызды ала качып кеткенин айтып ачуу басар жиберерин айткан.
"Биз сиңдим менен телефондон сүйлөшсөк "отурбайм алып кеткиле" деп ыйлады. 11-июнда эртең менен Бишкектен Ленин районунун милиция кызматкерлери менен Жумгалга баргыча түшкү саат 11ден өтүп кетти. Ал убакта сиңдимди РИИБге алып келип коюшуптур. Барганда карасак денеси бүт көк ала, колдору тытылган. Ала качып барган күнү сиңдим менен баланы бир бөлмөгө камап коюшуптур. Зордуктап жаткан учурда сиңдим баланын ата-энесинен жардам сураса эч кимиси укпай, жардам көрсөтпөй коюшкан экен", - дейт эжеси Айзат.
18 жаштагы кыз 4-шаардык ооруканада жатат. Ал эми анын эжеси Айзат бул ишке тиешеси бар ар бир адам мыйзам чегинде жазасын алса дейт.
"Учурда сиңдимди ала качкан баланы эле камап коюшту. Аны ала качууга катыштыгы бар жана зордуктоого жол берген адамдар да жазасын алуусун каалайбыз", - деди кыздын эжеси Айзат.