super.kg logo

"Chattil" командасы: "Максатыбыз - WhatsApp аркылуу ар бир мекендешибизге англис тилин Америка акцентин кошо үйрөтүү"

 

Баарлашуу үчүн колдонулган WhatsApp тиркемесин билсеңиз керек. Аны дагы кандай максатта колдоносуз? WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөнүү мүмкүн экенин билчү белеңиз? Бүгүнкү макалабызда дал ушул нерселер тууралуу сөз болмокчу.

- Саламатсызбы? Өзүңүздөр тууралуу айтып кетсеңиздер.

- Саламатчылык. Командада 3 кишибиз: Максат агай, Акылбек агай жана мен. Менин атым Чыңгыз, долбоордун менеджери болом.

- WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөтүү долбоорун баштоого эмне түрткү болду?

- Бизде WhatsApp тиркемесин өлкөнүн алыскы аймактарында дагы колдонуп келишет. Негизги максатыбыз - ар бир кыргыз мекендешибизге англис тилин америкалыктардан айырмасы жоктой сүйлөөнү үйрөтүү. Башка курстардан айырмабыз кайсы жерде болбоңуз, WhatsApp тиркемеңиз эле болсо, англис тили сиз менен, көчөдөбү, пикниктеби, саякатта жүрөсүзбү, айырмасы жок. Өтүлгөн сабак сиздин телефонуңузда сакталат. Атайын курска барып келүү үчүн убакыт коротпойсуз. Тил үйрөтүү борбору жок болсо да, биз менен үйрөнө аласыз. Анан арзан. Негизги айырмабыз, өзгөчөлүгүбүз - “Америка акценти” деген сабагыбыз бар. Тамга, тыбыш кандай, кайсы жерден айтылат, артикуляторлор кандай колдонулат, мына ошолорду үйрөтөбүз.

Англис тили - бул баарыбыз билгендей эле дүйнөлүк тил. Биз ар бир мекендешибизге англис тилин үйрөтүү менен бир аз жол ачсак, калган көп нерселерди алар өздөрү үйрөнүп аларына ишенебиз. Бир мисал: Индияны карап көрсөк, жарандары бир гана англис тилин сүйлөй алганы үчүн дүйнөлүк рынокко чыга алышат. Программисттер болобу, медикпи же жөн эле өзү билген нерсени интернетте бөлүшкүсү келген адам болобу англис тилин эле билсе дүйнө менен иштеше алат. Азыркы учурда англис тилин билген мекендештерибиз дүйнөлүк деңгээлде соода кылып келет. Мисалы, Кыргыз өлкөсүндө туруп, Амазон деген чоң сайт аркылуу товар сатышат же чоң компанияларга программа жасаган балдарды кезиктирүүгө болот. Булардын баары тилди билбегенде мындай ийгиликтерди багынта алмак эмес.

- Жетишкендиктериңиздер тууралуу да айтып берсеңиз.

- Акырындап кыр ашып келе жатабыз. WhatsApp аркылуу англис тилин үйрөнүүгө Кыргыз өлкөсүндөгү эле жарандар эмес, чет өлкөгө чыгып, англис тилинен кыйналган мекендештерибиз дагы катталган. Мисалга алсак, Орусия, Дубай, Кытай, Америка, Түркия, Польша, Корея жана башка мамлекеттердеги Кыргыз мекендештер катталып окушат. Орусиядан бизге жазылып окуган Асел аттуу айым азыр Орусиядагы Кыргыз мекендештердин балдарына сабак өтүүдө. Биздин сабактарга катышкан дагы бир окуучубуз: “Мурда америкалыктар англисче сүйлөсө түшүнчү эмесмин, сиздерден акцент боюнча сабак алган соң АКШ президенти Трамптын сүйлөгөндөрүн угуп, түшүнө баштадым”, - деп ою менен бөлүшүп кетти. Булар биз үчүн чоң жетишкендик десек болот.

- Мугалимдер жөнүндө да айта кетсеңиз.

- Максат жана Акылбек агайлар - Америкада окуп келген, англис тилин мыкты билген, ишин чындап сүйгөн тажрыйбалуу, кесипкөй мугалимдер. Дүйнөгө таанымал ишканалардын жетекчилерине сабак өткөн. Атап айтсак, Лукойл, Газпром, Яндекс, Рамблер жана башка ишканалардын өкүлдөрү сабак алышкан.

- Сиздерге каалоочулар кантип катталса болот?

Бизге катталып окууну каалагандар WhatsApp аркылуу байланышканда ( 0770 521 321 ) онлайн тест менен алгач деңгээлин аныктайбыз. Андан кийин бизге окутуу акысын алдын ала төлөйт, андан соң биз ылайыктуу топко кошобуз. Видео-аудио сабактар, көнүгүү жана тапшырмалар жумасына 5 күн жиберилет. Үйрөнүүчүлөр 24 сааттын ичинде өздөрүнө ыңгайлуу учурда сабакты карап чыгып, түшүнбөгөн жерин сурай алат.

- Маегиңиз үчүн рахмат.


кошулду


"WhatsApp English" долбоору

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
16.06.2018. 21:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
12-01-2014
Соӊку аракети:
12-11-2018 09:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
сабагыңардын баасын жазбапсыңарго, биз кайдан билебиз эми канча тураарын.
16.06.2018. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
657
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
12-11-2018 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zamirbek_77, 1 айга 1000 сом экен.
16.06.2018. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иште аласынарбы
16.06.2018. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-11-2017
Соӊку аракети:
12-11-2018 01:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус тилин да уйротосунорбу
16.06.2018. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
22-08-2018 21:14
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акча Акча Акча
17.06.2018. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
19-10-2017
Соӊку аракети:
08-09-2018 14:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Ангилис тиллин бирда тушунбогон суйлой албаган адамдар окуусада болот бекен же 50%билгендер окуйт бекен аа
17.06.2018. 01:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 23:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
2016gulanda,Ватцап номерине жазсаңыз бир тууганым баарын түшүндүрүп беришет
17.06.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
24-08-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 13:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-5
Эптеп акча ондурмой
17.06.2018. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
09-04-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 19:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
nur_92, Сени зордоп аткан жокко! Бир нерсени үйрөнсүн, билсин деп жатышат да. Жазат десе эле эптеп жаза бербей ойлонуп жазгыла! Колуңдан келсе сен дагы бир нерсе ойлоп тап.
17.06.2018. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
04-06-2016
Соӊку аракети:
08-09-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эптеп акча тапмай тим эле элди ойлоп кетишетго чиркин ошончо ойлошот экен бекер кылбайбы айылда единица аран чаласын
17.06.2018. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
14-11-2017
Соӊку аракети:
12-11-2018 01:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр чалганга бекер эле болуп калдыго уйундо эч нерсе жок болуп турса дагы биринчи тел акча салабыз.
18.06.2018. 08:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2018
Соӊку аракети:
07-08-2018 07:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
loveless,туура айтасыз эч нерсе жок экенине карабай мен дагы 95ед салып койгон кундорум болот!!!жакшы экен да убактвнды коротуп курстарга барбай эле телефон аркылуу англис тилин уйронуу
17.06.2018. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
12-11-2018 01:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
+2
Азаматсынар жигиттер,ишинерге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: