Бүгүн, 16-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "С" тайпасынын алкагында Орусиянын Казань шаарында Франция менен Австралия курама командаларынын беттеши өтөт. "Казань Арена" стадионунда орун алып жаткан беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат. Беттештин башкы калысы уругвайлык Андрес Кунья болмокчу.
15:50. Франция курама командасынын тизмеси:
15:55. Австралия курама командасынын тизмеси:
15:55. Командалар талаа үстүнө чыгып, алгач Франциянын гимни жаңырды.
15:56. Андан соң Австралиянын гимни жаңырды. Командалар оюнга даяр болуп, беттеш бир нече мүнөттөн кийин башталат.
16:00. Башкы калыс Андрес Куньянын ышкырыгы жаңырып, беттеш старт алды.
16:01. Алгачкы чабуулду франциялык футболчулар аткарды. Франциянын жаш жылдызы Мбаппе атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, сокку узатканга үлгүрдү. Дарбазачы Мэттью Райан соккуну тосуп, топту оюн талаасынан чыгарып салды.
16:03. Марк Миллиган Мбаппени футболкасынан тартып жыгылтып салууга үлгүрдү. Айып соккуну Погба аткарат.
16:04. Погбанын соккусу дарбазачынын колуна туш болду. Райан кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
16:05. Антуан Гризманн топко ээ болуп, алыскы аралыктан сокку узатты. Оң бурчка узатылган соккуну кайрадан дарбазачы тосуп алды.
16:06. Австралиялыктар кайрадан эреже бузууда. Айып соккуну Мбаппе аткарат.
16:07. Мбаппе айып аянтчага топту көтөрүп берди. Антуан Гризманндын башы менен узаткан соккусу таамай болбой калды.
16:10. Калыстын ышкырыгы жаңырууда, австралиялыктар стандарттык абал аткарат.
16:12. Алгачкы айып кагаз. Сары кагазды Мэттью Леки алды. Гризманндын чыгарып берүүсү таамай болгон жок.
16:16. Австралиялыктар айып соккудан улам кооптуу абал жаратты. Трент Сэйнсберинин башы менен узаткан соккусун Льорис тосуп алды.
16:20. Командалардын чабуулдары ийгиликтүү болбой жаткан кези. Футболчулар соккуларды узатууга жетишпей топту тарттырып жиберүүдө.
16:23. 20 мүнөттүн жыйынтыгында статистика боюнча Франция курамасы топко 51 пайызга ээлик кылса, австралиялыктар 49 пайыз ээ болууда.
16:25. Соккулар боюнча статистикада франциялык футболчулар дарбазаны көздөй 4 жолу сокку узатып, анын баары таамай болсо, австралиялыктар 2 сокку узатып, бирок анын бири да таамай болгон жок.
16:27. Погба эреже бузду. Австралиялыктар айып сокку аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
16:30. Австралиялык футболчу франциялыктардын айып аянтчасына кирүүгө аракет жасады, 2 коргоочуну алдап өткөн футболчу Н'Голо Кантени өтө алган жок.
16:34 Франциянын чабуулчулары атаандашынын коргоочуларын өтүүгө айласын таппай, чабуулдар аягына чейин чыкпай жаткан кези.
16:38. Эндрю Наббут орой оюн көрсөтүп, эреже бузду. Калыстын ышкырыгы жаңырганы менен, оюнчуга айып кагазы көрсөтүлгөн жок.
16:43. Н'Голо Канте эреже бузуп, калыс оюнду токтотту. Австралиялыктар айып сокку аткарат.
16:44. Австралиялык Азиз Бекич алыскы аралыктан сокку узатты. Бекичтин соккусу таамай болбой топ дарбазадан 1 метр бийиктикте өтүп кетти.
16:45. Калыс оюндун алгачкы таймына 1 мүнөт кошту.
16:46. Андрес Кунья ышкырып 1-тайм соңуна чыкты.
17:02. Франция-Австралия беттешинин 2-таймы старт алды. Топту оюнга франциялыктар кошту.
17:06. Калыс эреже бузууну байкап, анын ышкырыгы жаңырды. Мэттью Леки эреже бузду, бирок айып кагазын алган жок. Муну менен австралиялыктар 12-жолу эреже бузушту.
17:10. Жошуа Ридсон айып аянтчада эреже бузгандай көрүнөт. Бирок калыстын ышкырыгы тынч.
17:12. Пенальти! Башкы калыс кайталоо системасы (VAR) менен колдонуп 11 метрлик чийинге көрсөттү. Андан улам Ридсонго сары айып кагазын ыйгарды.
17:14. Го-о-л! Эсеп 1:0. Пенальтини Антуан Гризманн ийгиликтүү аткарып, эсеп санын ачты.
17:16. Дагы бир пенальти! Юмтити айып аянтчада колу менен ойногону үчүн Андрес Кунья пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк берди.
17:18. Го-о-о-л! Эсеп 1:1. Эдинак пенальтини ийгиликтүү аткарып эсепти тең кылды.
17:20. Алгачкы алмаштыруу, австралиялык Томи Юрич Эндрю Наббуттун ордуна талаа үстүнө чыгат.
17:26. Франциялыктардын командасында оюнчу алмашты. Алгачкы голдун ээси Гризманндын ордуна Оливье Жиру чыкты.
17:27. Эми австралиялыктар оюнчу алмаштырды. Жексон Ирвин Том Рогичтин ордуна чыкты.
17:31. 75-мүнөттүн жыйынтыгында Франция курамасы 56 пайыз топко ээ болсо, 44 пайызга австралиялыктар ээ. Соккулар боюнча 10:5 эсеби менен франциялыктар алдыда.
17:32. Корентен Толиссо эреже бузуп сары айып кагазга туш болду.
17:34. Дидье Дешам Толиссону алмаштырып, оюн талаасына Блез Матюидини чыгарды.
17:36. Г-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Поль Погба кооз сокку менен гол киргизди.
17:41. Робби Круз оюн талаасын таштап, аны Даниэл Арзани алмаштырды.
17:43. Азиз Бехич эреже бузуп сары айып кагазы менен жазаланды. Франциялыктар кооптуу айып сокку узатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
17:44. Айып соккуну Набил Фекир аткарды. Сокку таамай болбой, топ футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип калды.
17:46. Негизги убакыт жыйынтыкталып, башкы калыс кошумча 5 мүнөт убакыт берди.
17:52. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Муну менен франциялыктар өз капчыгына 3 упай алып келишти.