Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү Ала-Бука РИИБине 17 жаштагы кыздын атасы арыз менен кайрылган. Арызда 11-класста окуган окуучу кыз кошунасынын үйүнө барып сабакка даярданам деп кетип, дайынсыз жоголуп кеткен.
"Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кызды издөө иштеринин жана ыкчам маалыматтардын натыйжасында, 14-июндан 15-июнга караган түнү 20-25 жаштардагы бейтааныш жигит күч колдонуп зордуктап койгондугу аныкталды. Зордуктаган жаранды аныктоо жана кармоо иштеринин алкагында шектүү катары Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 1993-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну кармалган. Зордуктоо шектүүнүн Форд Фокс үлгүсүндөгү унаасында болгон. Учурда кылмышка шектүү Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.
Ал эми өздүк булактардын билдирүүсүнө караганда, 17 жаштагы кыз менен шектүү кыз-жигит катары мамиле түзүп жүргөн.