Дональд Трамп Пентагонго АКШнын аскердик-космостук күчтөрүн түзүү тапшырмасын берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине аскердик-космостук күчтөрдү түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, АКШ лидери жогорудагыдай сунушту ушул жылдын март айында да айтып, аны "мыкты идея" деп атаган.

"Трамп АКШ космосто да лидер болушу керек деген ниетте. Бул багытта Орусия менен Кытайдан артта калып кетпеш керек деп айтты. Ал Пентагонго (Коргоо министрлигинин штаб-квартирасы) аскердик-космостук күчтөрдү түзүү тапшырмасын берди. Трамптын маалымат катчысы Сара Сандерстин айтымында, Коргоо министрлиги бул тапшырманын үстүндө тийиштүү мекемелер менен бирге иш алып барууда", - деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан