Индияда чычкандар банкоматтын ичиндеги 45 миң долларды кемирип салган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чычкандар убактылуу иштебей турган, бирок ичинде акча калган банкоматтын ичинде жашап, андагы 1 миллиондон ашык рупийди (45 миң доллар) кемирип жарактан чыгарышкан.
Банкомат 20-майда иштебей калган, арадан 1 айга жакын убакыт өткөн соң аны текшерүү үчүн келген банк кызматкерлери анын ичинен чычкандарды табышкан. Азыркы тапта банкоматтын ичи тазаланып, чычкандар кире албагандай кылып жасалганын билдиришкен.