super.kg logo

"Супер хитке" Нурлан Насиптин "Мектебимди сагындым" чыгармасы кошулду. "Клипке мени менен чогуу окуган классташ балдарым тартылган" дейт Нурлан Насип

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шейшемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.

Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Нурлан Насиптин "Мектебимди сагындым" чыгармасы кошулду.

"Быйыл мектепти аяктаганыма 10 жыл болуп, классташтарыма арнап ушул чыгарманы жаздым. Клипке менин эң жакын досторум, мени менен чогуу окуган классташтарым тартылган. Ал эми клипте биздин окуучулук күндөрүбүздү №5-гимназиянын окуучулары жараткан. Алар биздин башыбыздан өткөн чыныгы окуяларды чагылдырып беришти. Клипти Бишкек шаарындагы №5-гимназиядан тарттык", - дейт ал.

13-ИЮНДАН 20-ИЮНГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Анжеликанын "Жаным, сага баратам" чыгармасы камсыздаган.

8-орун - Амир Аскаровдун "Кызганам" видеокомпозициясына буюрган.

7-орунда - Курал Чокоевдин "Эмне кылайын?" чыгармасы жайгашкан.

6-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясы камсыздаган.

5-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасына буюрган.

4-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.

3-орун - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орунду - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы ээлеген.

1-орун - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
20.06.2018. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
28-09-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 09:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип добущ бере алабыз.
20.06.2018. 16:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Boha1,
Саламатсызбы! Супер хитке https://www.super.kg/media/hp/ ушул шитеме менен кирип, ар бир видеоклиптин астында "Начар", "Жакшы" жана "Супер!" деген жазуулардын бирин тандап добушуңузду бере аласыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: