Орусияда муздаткычтан табылган ымыркайдын абалы жакшырууда. Аны 15 жаштагы Кыргыз кызы төрөгөн

Санкт-Петербург шаарында 15 жашар Кыргыз кызы төрөп, баласын дароо иштебеген муздаткычка салып койгону буга чейин маалымдалган эле.

Бүгүнкү күндө 1 жарым айлык наристенин абалы жакшы экендигин Санкт-Петербург шаардык балдар акыйкатчысынын маалыматына таянуу менен орус басылмалары жазып чыгышты. Буга чейин маалым болгондой, окуя 7-май күнү Санкт-Петербург шаарындагы эски жатаканада болуп, ымыркай жалпы колдонулуучу муздаткычтан табылган.

"Учурда баланын абалы жакшы, ошентсе да ал азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Баланы төрөгөн 15 жашар кыз да азыр ооруканада, анткени үй шартында медицинанын көмөгүсүз төрөгөнү үчүн төрөт учурунда көп кан жоготкон, эгер аны укук коргоо органдары өз учурунда таппаса, ал каза болушу да мүмкүн эле", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Санкт-Петербург шаардык балдар акыйкатчысынын маалымат кызматы бул окуя боюнча маалымат берип, баланын энеси убактылуу кармоочу жайга камаларын айткан.

"Ооруканадан чыккандан кийин баланын энеси убактылуу кармоочу жайга камалат. Ал эми баланын кийинки тагдыры окуянын бардык жагдайлары аныкталган соң чечилет. Учурда полиция кызматкерлери кезек менен ооруканада аялды кайтарууга алышууда. Баланын энесине Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон", - деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы бул окуя боюнча кыздын туугандары уруксат бербешин айтып, маалымат берүүдөн баш тартты. Буга чейин элчиликтин өкүлдөрү: "Бул окуяны коомчулукка жарыялабай эле коюуну туура деп чечтик. Бул жерде өлкөнүн аброю жогору турат", - деп билдиришкен.


кошулду
Орусияда муздаткычтан табылган ымыркайдын абалы жакшырууда. Аны 15 жаштагы кыргыз кызы төрөгөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zahid
2018-06-20 14:57:07
Силер жарыя кылып болупсунар го
+5
Nevestkaa
2018-06-20 18:44:27
Аброюн ойлосоңор анан не кайра жазып чыгардыңар,баланын атасын да жазаласын.
+10
Rysik17
2018-06-20 20:05:13
Окунуч ушул дуйно,

Озгорот кундон кунго
Заман эмне эле болуп баратат
+1
Tolkun555
2018-06-21 08:21:54
15 каштаны Кызыл ушул акыбалга салган эркекти таап камаш керек
+4
Tolkun555
2018-06-21 08:24:38
15 жаштагы кызды ушул акыбалга салган эркекмин деген соройдун ХХХХХХХХХХХ туруп камап коюш керек
+5
Rasul94
2018-06-21 08:27:00
Эрте жетилген экен да 15инде торосо
+5
Birimdik5555
2018-06-21 09:55:00
Байкуш кызды бироо алдагандыр да жэ куч колдонгондур
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан