super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 21-ИЮНЬ: Аз гана убакыт өмүр сүргөнүнө карабастан артында өчпөс из калтырган белгилүү ырчы Виктор Цой көзү тирүү болгондо 56 жашка чыкмак

 

Көзү тирүү кезинде эле легендага айланган белгилүү музыкант, ырчы Виктор Цой 1962-жылы 21-июнда жарык дүйнөгө келген Ленинград (азыркы Санкт-Петербургда) шаарында туулган. Атасы казак жараны, корей улутундагы, инженер Роберт Цой анын музыкага болгон кызыгуусун арттырып 5-класс кезинде гитара сатып берип, анда кол ойнотууну үйрөткөн. Апасы Валентина Цой дене тарбия мугалими болгон.

Кыска өмүрүндө чыгармачылыктын бардык тармактарында өзүн сынап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган "Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер совет доорунда КМШ өлкөлөрүнө кеңири тарап, ырчыга болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келген.
Тасмада тартылуудагы анын бир өзгөчөлүгү кайсы тасма болбосун өзүн гана ойногон. Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн айдалып кеткен. Виктор Цой Максим Пашков менен биргеликте "Палата №6" тобун түзгөн. 1979-жылы №61-кесиптик техникалык орто окуу жайынын токой кесүүчүлүк тармагына тапшырган. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды”, “Кино” аттуу музыкалык топторун түзүүгө жетишкен. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому, андан соң “Камчатки” альбому да жарык көргөн.
“Ночь”, “Это не любовь”, “Звезда по имени солнце”, “Группа крови” аттуу Цойдун альбомдору эң популярдуу болуп, дүйнө жүзүнө тараган.
Ырчынын жараткан ар бири ыры өзгөчө маанини камтып өз учурунун актуалдуу маселелерин чагылдырып турган.
Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат 6ларда автокырсыктан каза болгон. Москвич-2141 үлгүсүндөгү машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен Икарус автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле ырчы каза болгон.
21-июндун жылнаамасы.


Виктор Цойдун 55 жылдыгына арналат...

Виктор Цойдун элесине арналат!

Виктор Цой - Стук. "Сёстры" тасмасы

Виктор Цойдун жерге берилгени 19.08.1990

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
21.06.2018. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
11-02-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 01:04
Жынысы:
Белгисиз
-3
Цойдун улуту эмне,кайсыл жерде туулган кененирээк жасанар болмок жазганга админ!?
21.06.2018. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
04-03-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 09:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sabette, Виктор Робертович Цой 1962жылы 21июнда Ленинградта торолгон атасы инденер апасы физкультура иугалими болгон улуту кореец
21.06.2018. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
627
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 09:52
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sabette,админдин козун карап отурасынбы, википедия деген бар ошого кирип кааалаганыны издесен болот
21.06.2018. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-04-2018
Соӊку аракети:
09-09-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын Цой Таалай Бектурганов
21.06.2018. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
23-04-2018
Соӊку аракети:
09-09-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кукушка деген ыры жагат
21.06.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
04-03-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 09:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх Цойдун куйорманымын го Нурлан Тилебаев Таалай Бектурганов сыйлайм ушулардын таланттарын мындай адамдарды жаратарбекен дагы жараткан
21.06.2018. 13:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
28-07-2017
Соӊку аракети:
27-06-2018 17:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул адам ЛЕГЕНДА... Миллиондордун КУМИРИ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: