"Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда жайгашкан Туздуу-Көл бизге эле эмес, чет өлкөгө чейин белгилүү. Ошого карабастан ал таптакыр каралбай калды, жарандар үчүн жакшы шарт түзүлгөн эмес", - деп бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Абдыбек Дүйшалиев билдирди.
Депутат өкмөт ага көӊүл буруп, эс алуучуларга ыӊгайлуу шарт түзүү чараларын колго алуусу зарылдыгын айтты. "Өкмөт Туздуу-Көлдү, анын Кара-Көл деген да аты бар. Аны "Гүлстан" деген чарбага берип койгон экен. Ал чарба ушул кезге чейин эс алуучулардан акы алуудан башка эч нерсе жасаган жок. Бирок шарты жок, ал тургай дааратканасы дагы жок. Өкмөт жок дегенде ага баруучу 13 чакырым жолду куруп берсе жакшы болмок", - деди эл өкүлү.