Бүгүн, 21-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун "С" тайпасында беттештер уланат. Анда "Самара Арена" стадионунда Дания менен Австралия курама командаларынын беттеши өтөт. Беттештин башкы калысы Антонио Матео Лаос (Испания) болот.
17:43. Дания курама командасынын тизмеси:
17:45. Австралия курама командасынын тизмеси:
17:46. Азырынча оюнчулар оюнга даярдык көрүүдө, беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө старт алат.
17:48. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, аталган беттеште Виллиам Квист алган жаракатынан улам чыкпайт.
17:52. Оюнчулар оюн талаасына чыгышты, алгач Даниянын гимни жаңырат.
17:56. Австралиянын гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.
18:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш старт алды.
18:01. Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн австралиялыктар эреже бузуп, Дания айып сокку узатууга мүмкүнчүлүк алды.
18:02. Дамьен Делейни 11 метрлик аралыктан башы менен сокку узатты, бирок таамай боло алган жок.
18:05. Г-о-о-о-л! Кристиан Эриксен эсеп санын ачты. 11 метр аралыктан сокку узатып, Мэттью Райанга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок.
18:06. Том Рогич чабуулду курчутууга аракет жасаган, бирок коргоочулар мыкты оюн көрсөтүштү.
18:07. Арон Муй топту бурчтан чыгарды. Топко алгач коргоочулар жетип, атаандашынын чабуулун токтотту.
18:08. Калыс Робби Круздун эреже бузганын байкап калып ышкырыгын жаңыртты.
18:09. Мэттью Леки топту айып аянтчага көтөргөн, бирок топту коргоочулар талаадан сырткары чыгарды. Австралия топту бурчтан чыгарат.
18:10. Бурчтан көтөрүлгөн топто алгач коргочулар болду. Австралиянын чабуулу ийгиликсиз болууда.
18:13. Дания курамасы топту орто бөлүктө кармап, чабуул жасоого аракет кылууда.
18:14. Австралиялыктар оюн эрежесин бузуп, Эриксен айып соккуну аткарат.
18:15. Кристиан Эриксен топту айып аянтчага көтөрүп берди, бирок коргоочулар кооптуу абалды жокко чыгарышты.
18:17. Круз өнөктөшү менен пасташып атаандашынын айып аянтчасына кире алган, бирок Симон Кьер топту оюндан сырткары чыгарды.
18:18 Робби Круз кайрадан чабуулду курчутууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок Круз аны менен колдоно алган жок.
18:19. Хенрик Далсгор оюн эрежесин бузууда. Калыс аны байкап, оюнду токтотту.
18:20. Пионе Систо алыскы аралыктан сокку узатып таамай боло алганы менен дарбазачы жогорку чеберчилигин көрсөтүп топту тосуп алды.
18:21. Томас Делэйни атаандашына каршы орой оюн көрсөтүүдө. Австралиялыктар айып сокку аткарат.
18:22. Том Рогич айып аянтчага кирип келүү аракетин көрүп топту атаандашына алдырып койду.
18:23. Николай Йоргенсен жакынкы аралыктан башы менен сокку узатты, бирок таамай боло алган жок.
18:25. Жошуа Ридсон айып аянтчага жакшы чыгаруу жасаган, бирок өнүктөштөрү топко жете албай калды.
18:26. Акыркы мүнөттөрдө топко австралиялыктар ээлик кылып, чабуулду ийгиликтүү жыйынтыктоого аракет жасап жатышат.
18:29. Робби Круз айып аянтчадан сокшку узатты, бирок анын соккусу коргоочуларга гана тийип калды. Кооптуу учур орун алды.
18:30. Том Рогич оюн талаасында жатат. Ага каршы даниялыктар орой оюн көрсөтүштү.
18:31. Том Рогич оюнду улантты. Ал эч кандай жаракат алган жок.
18:32. Даниялыктардын кооптуу чабуулун Миллиган токтотконго жетишти.
18:33. Австралиялыктар кайрадан топко ээлик кылып, чабуулун улантууда. Азырынча ийгиликсиз.
18:34. Робби Круз топту айып аянтчага көтөрүп берген, бирок коргоочулар топто биринчи.
18:36. Даниянын дарбазасына пенальти орун алат. Калыс видео кайталоо системи менен пайдаланып пенальти абалын байкап калды. Пенальтини Эдинак аткарат.
18:37. Г-о-о-л! Эсеп 1:1. Пенальтини Миле Единак ийгиликтүү аткарып эсепти 1:1 кылды.
18:38. Рогич айып аянтчага топту көтөрүп берген анын чыгарып берүүсүнө Мэттью Леки жетишпей калды.
18:39. Австралиялыктар эреже бузуп, даниялыктар айып сокку аткарууга мүмкүнчүлүк алды.
18:40. Кристиан Эриксендин аткаруусундагы чыгарып берүүсү таамай болду. Соккуну Сэйнсбери өз дарбазасына киргизип алуудан аз калды. Мэттью Райан жакшы оюн көрсөтүп топту тосуп алды.
18:42. Австралиялыктар чабуулдарын курчутуп, даниялыктарды тынчсыздандырууда.
18:43. Арон Муйдун айып аянтчага узатылган чыгарып берүүсүнө австралиялыктар жетишпей калды.
18:44. 1-тайм соңуна келип калды. Статистикага көңүл бурсак Австралия топко 56 пайыз ээлик кылып дарбазага 7 сокку узатканга үлгүргөн.
18:45. 1-таймдын негизги убактысы бүтүп калыс 2 мүнөт кошуп берди.
18:46. Ал эми, 1-таймда даниялыктар топко 44 пайыз ээлик кылып, дарбазага 4 сокку гана узата алган.
18:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып 1-тайм аяктады.
19:02. Беттештин 2-бөлүгү старт алды.
19:03. Мэттью Леки атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, коопту абал жаратканга аракет жасады. Бирок коргоочулар топту тартып алууга жетишти.
19:05. Хенрик Далсгор топту айып аянтчага жеткирип берген, бирок анын чыгарып берүүсүнө өнүктөштөрү жетпей калды.
19:06. 2-таймдын башталышы менен даниялыктар топко ээлик кылып, ар түрдү аракеттерди көрүп жатканы менен. азырынча ийгиликсиз болууда.
19:07. Пионе Систо айып аянтчадан сокку жасаганга үлгүрдү, соккусу кубаттуу болгону менен таамай болгон жок.
19:10. Мэттью Леки жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болду. Бирок ал айып аянтчага көтөрүлүп берген топко жетишпей калды.
19:11. Жошуа Ридсондин айып аянтчага аткарга чыгарып берүүсү ийгиликсиз болуп калды. Топ абдан жогору кетип, ага өнүктөштөрү жеткен жок.
19:12. Юссуф Поульсен дарбазаны көздөй жүгүрүп баратып коргоочулар тарабынан токтотулду. Даниялыктар топту бурчтан чыгарат.
19:14. Алгачкы алмаштыруу орун алды. Даниялык Юссуф Поульсендин ордуна оюн талаасына Мартин Брэйтуэйт чыкты.
19:15. Арон Муй топту аяып аянтчага жеткирип берүү аракетин көргөн. Бирок анын чыгарган тобуна алгач коргочулар жетти.
19:18. Австралиялыктар тез контр-чабуулга чыгышып, Леки топту жоготуп алууга үлгүрдү. Жакшы мүмкүнчүлүк ийгиликсиз болуп калды.
19:22. Акыркы мүнөттөрдө даниялыктар топту тартып алып, топко көбүрөөк ээлик кылууда.
19:24. Дароо эки команда тең оюнчу алмаштырышат. Дания курамасында Андреас Корнелиус Николай Йоргенсендин ордуна чыкса, австралиялыктарда Робби Круздун ордуна Даниэл Арзани чыкты.
19:26. Арон Муй алыстан кубаттуу сокку узатты. Анын соккусу таамай болбой дарбазадан бир аз эле жогору өтүп кетти.
19:28. Систо жакшы мүмкүнчүлүккө ээ болчу. Бирок таамай боло алган жок.
19:30. Эндрю Наббут оор жаракат алып, машыктыруучу аны алмаштырууга аргасыз болду. Анын ордуна Томи Юрич чыкты.
19:32. Мартин Брэйтуэйт чабуулда эреже бузуп, топко австралиялыктар ээ болду.
19:35. Даниянын айып аянтчасына көтөрүлгөн топту Леки жыйынтыктап таамай боло алган жок. Топ Дания курамасында.
19:37. Даниэл Арзани атаандашына алдап өтүп, айып аянтчага мыкты чыгарып берүү жасады, бирок анын өнүктөштөрү топко жете албай калды.
19:38. Австралия курамасында кезектеги алмаштыруу. Том Рогичтин ордуна Жексон Ирвайн чыгат.
19:40. Томас Делэйни атаандашына кармап эреже бузду.
19:41. Пионе Систо эреже бузуп сары айып кагазына туш болду.
19:43. Арзани айып аянтчага кирип келип, күтүбөгөн жерден сокку узатканга жетишти. Бирок Каспер Шмейхель чеберчилигин көрсөтүп топту кайтара алды.
19:44. Австралиянын чабуулу уланып Леки дарбазанын жогорку бурчуна сокку багыттаган. Кайрадан Шмейхель мыкты оюн көрсөтүп топту тосуп алды.
19:47. Беттештин негизги убактысы соңуна чыгып калыс 3 мүнөт кошуп берди.
19:48. Мартин Брэйтуэйт айып аянтчанын ичинен сокку узатканга үлгүрдү. Топ таамай багытталганы менен кубаттуу болгон жок. Мэттью Райан кыйынчылыксыз топту тосуп алды.
19:50. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аягына жетти. Муну менен командалар 1 упайдан алышып, Дания жалпы 4 упай топтосо, Австралия 1 упайга гана ээ болду.