Жалал-Абад шаарында бир нече турак үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда "Элдик кабарга" жергиликтүү тургундар маалымдады.
Маалыматка ылайык, шаардагы облустук ооруканага жакын жердеги үйлөр бири-бирине жакын жайгашкан. Мындан улам өрт бир үйдөн экинчисине өтө тез өтүп кетип жатат.
"Кырсык катталган жерге өрт өчүрүү кызматынан 2 бригада келген. Бирок унаалардагы суу чачуучу түтүктөр эскилиги жетип, жарылган. Мындан улам өрт өчүрүүчү унаадагы суу бат эле түгөнүп калып, кайтып кетишти. Өрт өчүрүүчүлөр да, эл да кыйналды. Тургундар өздөрү чака менен суу чачууга аргасыз болууда. Жабыркагандар жок", - деп билдиришти тургундар.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.