Астротөлгө: 22-июнь күнү төрөлгөн бөйөндөрдүн кабагы ачык, дасторкону жайыл болобу?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

22-июнда энергиясы ашып-ташкан, чечкиндүү, тырышчаак бөйөндөр төрөлөт. Алардын асыл сапаты, таза сезимдери менен башкалардын көңүлүн бурдуруу менен сый-урматка татыйт. Сыртынан токтоо, аябай сабырдуу көрүнгөнү менен, ичинде эмоционалдык бороон-чапкыны бар. Ар дайым жардамга кол сунуп, камкор адам болууга аракет кылат.

Ушул күнү жарыкка келген бөйөндөр үчүн жашоо - кызыктуу көз ирмемдер менен коштолгон саякаттар, романтикалык кечелер жана карьерадагы жетишкендиктер. Ошондуктан алар дайыма бардык чөйрөдө ийгиликтерди багынтып, үй-бүлөлүк жыргалчылыкты түзө алат. Алар өмүрүнүн соңуна чейин бактылуу болуп, жетишкен жашоодо жашайт.

Меймандос болгондуктан дал ушул күнү төрөлгөн бөйөндөрдүн үйүнөн конок үзүлбөйт. Дайыма жарык маанайы, жайыл дасторкону менен тосуп алат. Башкалардын аркасынан ушак айтапаганы аларга ишенимдүү адам экенин далилдей алат.

22 санынын алдында жарыкка келгендер кыялкеч болушат. Бирок башкалардан айырмаланып алар ар бир кыялын, оюн ишке ашырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан